Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

12:22 14.10.2020

Депутат Мирлан Жээнчороев: - Баары жеке дымагын унутуп, мамлекеттик тынчтыгы үчүн, экономикалык кризис жана коронавирус менен күрөшүү максатында өкмөт иштей башташы керек. Мына ошол себептен "Республика" партиясы Садыр Жапаровдун премьер-министр кызматына талапкерлигин колдоду. Буга чейин сүйлөшүүлөр болуп жаткан. Көп тараптуу сүйлөшүүлөр болуп, мунасага келдик. Пандемияны эске алып ушул чечимге келдик. 5-октябрда адилетсиз шайлоо себеп болду. Жаңы өкмөт "Райым-миллиондон", коррупционерлерден арылышы керек.

12:37 14.10.2020

Жогорку Кеңештин жыйыны бир сааттык тыныгуудан кийин кайра улана баштады.

12:38 14.10.2020

Жогорку Кеңеш премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн Садыр Жапаров өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы менен тааныштыра баштады.

12:42 14.10.2020

Садыр Жапаров өкмөттүн кабинети 20 пайызга гана өзгөртүлгөнүн билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG