Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

21:54 13.10.2020

21:56 13.10.2020

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарын тез арада шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө чакырды.

22:14 13.10.2020

Аида Касымалиева: Садыр Жапаров легитимдүү премьер-министр болуп келсин, жактоочулары мени коркутпагыла

22:34 13.10.2020

Каныбек Иманалиев: Биз ачуу сабак алдык, жыйынтык чыгаралы

"Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда эки оппозиция бар. Бири сырткы күчтөр, бири алардан акча сураган саясатчылар жана криминалдар. Бүгүн чөгөлөп туруп Кыргыз элинен кечирим сурайлы. Эгерде эртең кыргыз эли шайлоого барбагыла десе, мен ошого макулмун. Бир да партия коммунизм кура албайт. Партиялык, диний кызыкчылыктарды артка таштап, Кыргызстандын кызыкчылыгын биринчи орунга коелу. Мамлекет үчүн амбицияларды жыйыштыралы", - деди Каныбек Иманалиев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG