Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

00:41 14.10.2020

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу пикирин билдирди. Ал "Твиттердеги" баракчасына Кыргызстандын акырындык менен конституциялык талаага кайтышын колдоп жазган.

"Боордош кыргыз элиндеги кырдаалдын акырындык менен конституциялык нукка түшкөнү кубандырат. Биз бардык саясий күчтөрдү карама-каршылык башталгандан тарта сабырдуу болууга чакырып келдик. Президент Сооронбай Жээнбеков легитимдүү мамлекет башчысы болуп саналат, ошондуктан өлкөдөгү чыр-чатакты токтотуу жана абалды жөнгө салуудагы анын аракеттерин колдойм. Стабилдүү Кыргызстан - стратегиялык өнөктөш жана союздаш катары Казакстан үчүн маанилүү" - деп айтылат билдирүүдө.

10:06 14.10.2020

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп жатышат. Жыйында өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы каралат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жыйын тууралуу маалыматты түнкү саат 1:30да жазды.

10:07 14.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш Садыр Жапаров боюнча маселени ыкчам карап, бул процесске мыйзам чегинде чекит коет деп ишенет. Бул тууралуу мамлекет башчысы 14-октябрда кыргызстандыктарга премьер-министрдин легитимдүүлүгүнө байланыштуу жолдогон кайрылуусунда айтты.

Жээнбеков Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен кайра кароо тууралуу сунушун парламентке жөнөткөнүн билдирди. Жогорку Кеңештин буга чейинки токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калганын айтты.

Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл экенин кошумчалады.

Ошону менен катар президент маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилиши зарыл экенин белгиледи.

11:09 14.10.2020

Вице-спикер Аида Касымалиева мыйзам жолуна түшүп, өкмөттүн курамын жана программасын кайра бекитиш керектигин айтты. Учурда премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун гана талапкерлиги каралууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG