Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

20:37 13.10.2020

Тазабек Икрамов: Акылдуу сөздөрдү токтотсок. Папка талашкандар жооп бериши керек.

20:38 13.10.2020

20:40 13.10.2020

Евгения Строкова жаштарды окко салуудан мурда тарбиялоо керектигин да кошумчалай кетти.

20:43 13.10.2020

Аида Касымалиева уюшкан кылмыштуу топтор "сени өлтүрүп кетебиз, зордуктап кетебиз" деп жатат. Урматтуу Садыр Жапаровдун тарапташтары мен Садыр Нургожоевдин өкмөт башчы болушуна каршы эмесмин. Келсин, легимтимдүү шайлансын. Мен коркпойм.

Аида Касымалиева акыркы күндөрү Садыр Жапаровдун тарапкерлери тараптан түрдүү коркутуулар болуп жатканын парламент трибунасынан билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG