Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

20:47 13.10.2020

Жанар Акаев: Кечээ түйүнчөгүн түйүп, кайсы өлкөгө качсам деп тургандардын бүгүн үнү катуу чыгып калыптыр. Криминалга каршы күрөш жарыялаш керек. Депутаттарды коркутуп жатса, бул эмне деген шумдук? Эртеңден баштап криминалга каршы согуш жарыялаш керек. Азыр жаштарды камап атышат. Темирлан Султанбековдун күнөөсү жок. Аларды камаса, аянттагы 20 миң кишинин баарын камасын. Алар жакшы үмүт менен чыгышкан. Ортодон бийликти көксөгөндөр аралашып кеткенин аңдабай калдык.

20:48 13.10.2020

Дастан Бекешев: Криминалга каршы күрөш жарыялагыла. Саясий куугунтук токтосун. Бүгүн мен кудайга тобо деп турам. Мени кудай сактаган экен. Строковага окшоп кошулуп алсам эмне болмок?

20:49 13.10.2020

Айнура Осмонова: Башаламандыкка жол бергендер жазалансын.

20:50 13.10.2020

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетишин колдобойт. Бул тууралуу Исаев парламенттин кезексиз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт башчынын шайланышы боюнча мыйзамдык маселелер жаралууда.

“Ушундай учурда президент кетсе Жогорку Кеңештин төрагасы анын милдетин кантип аткарат? Биздин мөөнөтүбүз бүтүп бара жатат. Ошол себептен биз консенсуска барып президенттен суранышыбыз керек. Туруктуулук, мыйзамдуу нукка кайтуу өкмөттү түзүү гана эмес, бул - шайлоону өткөрүү, мыйзамдарды толук кандуу иштетүү, укук коргоо органдарын калыбына келтирүү. Ошондуктан, стабилдүүлүк орногон соң балким президент бул маселеге кайтып келээр”, - деди Исаев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG