Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

20:26 13.10.2020

Каныбек Иманалиев: Мамлекет үчүн амбицияларды жыйыштыралы

- Президенттерди, депутаттарды кууп аткан өлкөдө парламент спикери болуш оңой эмес.

Биринчи жолу оппозиция, "Ата Мекен" спикерди колдоп атат. Анткени бүгүн талаша турган убак эмес.

Мына жакында АКШнын, Жапониянын медиасы "Кыргызстан эгемендигин жоготкону калды" деп жазды.

Ушул мүнөттөн баштап ким Сооронбай Жээнбековго каршы чыкса, мен аны Кыргызстандын душманы деп эсептейм. Башка мамлекетке уулуң кул, кызың күң болсо бул бийлигиң бир тыйын.

Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда эки оппозиция бар. Бири сырткы күчтөр, бири алардан акча сураган саясатчылар жана криминалдар.

Бүгүн чөгөлөп туруп Кыргыз элинен кечирим сурайлы. Эгерде эртең кыргыз эли шайлоого барбагыла десе, мен ошого макулмун. Бир да партия коммунизм кура албайт. Партиялык, диний кызыкчылыктарды артка таштап, Кыргызстандын кызыкчылыгын биринчи орунга коелу.

Мамлекет үчүн амбицияларды жыйыштыралы, - деди Каныбек Иманалиев.

20:29 13.10.2020

Бакирдин Субанбеков: Эл шайлаган депутат болгондон кийин элдин кызыкчылыгын коргойлу. Оор кырдаалда келип жатасыз. Беш күн иштегениңиз, беш жылга татыйт.

20:32 13.10.2020

Элвира Сурабалдиев: 5-октябрда 20 миңдей кыргызстандык келди. Алардын көбү жаштар болду. Эмнеге мыйзам бузуулар, элди шылдыңдоо менен шайлоону өткөрдүңөр. Бүгүн миңдей адам ооруканада жатат. Төраганын фондунда 30 млн. сом бар. Ошондон жардам берүү керек.

Мен да кворум үчүн келдим. Газ менен, желим октор менен өз элин аткан бийлик, ИИМ моралдык жоопкерчиликти сезиши керек.

20:34 13.10.2020

Айрым депутаттар жыйынга катышпай чыгып кетишти. Алар муну протесттик маанай эмес, иши чыгып калып кетип жатышканын айтышты. Элвира Сурабалдиева муну "уккусу келбегени үчүн чыгып кетти" деп мүнөздөдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG