Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

20:10 13.10.2020

Алтынбек Сулайманов: Президент, парламент, өкмөт башчы үчөөңөрдөн суранам, 6-ноябрга чейин шайлоону жарыялагыла. Азыр тиреше турган мезгил эмес. 5-октябрда эмне үчүн ушундай болуп кетти. Ошол күнү 30 миңдей адам аянтка чыкты. Ошону укпай койдуңар. Биринчи №2 жок кылуу керек, шайлоо босогосун 3% пайыздык чекке түшүрүү керек. Бир айлык угуу деген акылдуу сөзүңөрдү токтоткула. Эл уксун. Эл талап кылып жатат. Бүрсүгүнү ушуну карап бериңиз. Келбегендер эл душманы болот.

20:16 13.10.2020

Садык Шер-Нияз: Урматтуу төрага. Оор кырдаалда кызматка келдиңиз. Дагы ар кандай суроолор болот. Кыргыздын эң мыкты чыгаандары сизге ишеним көрсөтүп отурат. Сиз кошоматтан алыс болсоңуз экен. Сиз жасакерликтен алыс болсоңуз экен. Көр дүнүйө дегенден алыс болсоңуз экен.

Эл аралык мамиледе уят болуп турат. Кээ бир легитимдештирүүнү жолго салыңыз. Кургак жерге тамчы болуңуз, зөөкүрлөргө камчы болуңуз.

Биз чимкирик деген атка кондук. Себеби, биз түшкөн буйруктарды ляппай деп аткарып жүрдүк. Ага ошол кездеги төрөга да кол кабыш кылып жүрдү.

Биз сизге ишеничти так аткарат деп үмүт артабыз. Сиз түз, бекем болуңуз. Туугандуу эмес, ыймандуу бий болуңуз. Тарых астында өз вазийпаңызды так аткарып бериңиз.

20:19 13.10.2020

Мирлан Жээнчороев: Элдин ызасы, элдин коррупционер менен бандиттердин бийлигине каршы чыкканы бешиндеги окуяга алып келди. Бүгүн сиз адилетсиздикти жоюуга аракет кылыңыз. Темирлан Султанбеков, Курсан Асановду бошотушуңуз керек. Эгер адилетсиздик улана берсе, бийликтин өмүрү кыскара берет.

Канат Кедейканович, сиз адилетсиздикти көргөнсүз. Абакта жаткансыз. Кошоматчылар ошол кезде качып кеткен. Жаныңызда биз калганбыз. Кошоматчылардын өмүрү кыска болот. Аны азыр да көрүп жатабыз. Ошол себептүү сиз калыс, адилет болушуңуз керек.

20:20 13.10.2020

Төрөбай Зулпукаров: Сиз өкмөт башчы менен иштешиңиз керек. Анын курамын легитимдештирип бериңиз. Азыркы курамды колдоп беришиңиз керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG