Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

19:46 13.10.2020

19:53 13.10.2020

19:58 13.10.2020

Парламент төрагалыгына Канатбек Исаевдин талапкерлиги каралууда

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясы лидери Канатбек Исаевдин талапкерлигин спикерликке сунуш кылды. Бул сунушту бардык фракциялар колдоп, башка сунуш түшкөн жок. Депутаттар талапкерди адегенде бириккен комитетте карап, андан кийин жалпы сессияга чыгарышты. Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев суроосуна жооп берип жатып Исаев парламенттик кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип, ал жагдайга жараша чечилерин белгиледи:

"Балким, блок-блок болуп партиялар биригет. Бая күнү бир топ депутаттар отурдук, биргелешип шайлоого кетпейлиби деп. Өзүм жеке чечим кабыл албайм. Партиянын саясий кеңеши бар”.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Абдылдаев бул кызматка дайындалышынын «мыйзамдуулугу шек жаратып жатканы үчүн» 10-октябрдагы кезексиз жыйында баш тартып, милдетти «легитимдүү вице- спикер» деп башкарууну Мирлан Бакировго өткөрүп берген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты партия Бишкекте митинг өткөргөн. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратка кирип барышкан. Бул окуядан кийин президент ишин улантууда, өкмөттүн жетекчилиги кызматтан кетти. Жаңы өкмөттү дайындоо аракети боюнча орток пикир табыла элек.

20:05 13.10.2020

Жогорку Кеңештин депутаттары спикерликке Канат Исаевди шайлашты.

Канат Исаев: Мамлекетте кырдаал оңой эмес. Парламент өткөн-кеткен окуялардан сабак алалы. Алдыда шайлоо бар. Саясий көз караштарыбыз бөлүнүп-жарылбайлы. Алтынчы чакырылыш тууралуу көп сөз айтылды. Балким бул биздин популисттик билдирүүлөрдү жасабаганыбыз үчүн болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG