Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

19:23 13.10.2020

19:24 13.10.2020

АКШ Кыргызстандагы конституциялык тартиптин коопсуздугуна кабатыр

Мындай билдирүүнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн, 13-октябрда таратты.

Билдирүүдө: «Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандагы тынчтык менен демократиялык өзгөрүүлөрдү колдойт. Толугу менен ачык көрүнүп тургандай, демократиялык процесстердин жолунда турган бөгөттөрдүн бири – уюшкан кылмыштуу топтордун саясат менен шайлоого таасир этүү аракети.

Буга 4-октябрь күнү шайлоодогу добуш сатып алуу, 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы зомбулук жана коркутуу жана ошондой эле 10-октябрдагы парламенттик жыйындагы эреже бузуу далил болуп турат», - деп жазылган.

Кошмо Штаттар президент Жээнбековдун, саясий лидерлердин, жарандык коомдун жана мыйзам талдоочу окумуштуулардын өлкөнүн саясий турмушун мыйзам жолуна кайтаруу аракетин колдой турганы жазылган.

Өлкөдө уюшкан кылмыштуулук менен коррупциянын саясатка тийгизген таасирине каршы күрөштү улантуу зарыл экендиги белгиленген.

Мындан тышкары АКШ элчилигинин билдирүүсүндө: «Кыргызстандын Конституциясын аткаруу жана мыйзам үстөмдүгү башкы максат болууга тийиш. АКШ кыргыз элин колдоп, Кыргызстандын бардык кошуналарын жана эле аралык өнөктөштөрүн өлкөнүн эгемендигин урматтоого чакырат. Анткени кыргыз эли бул маселелерди чечиш үчүн зомбулуксуз жана өз алдынча иш алып барууда», - деп жазылган.

19:33 13.10.2020

Спикерликке көрсөтүлгөн Канат Исаев президент иштеши керек экен, өлкө мыйзамдуу нукка түшкөнгө чейин иштеши керетигин айтты. Ал мөөнөтү бүтүп бараткан парламенттин спикери президенттин милдетин аткара албасына токтолду.

19:34 13.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG