Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

19:00 13.10.2020

Депутат Иманалиев: Азыркы кырдаалда криминал гана утушка ээ болууда

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу мыйзамсыздыктан криминалдык күчтүн лидерлери гана утту деп эсептейт. Мындай пикирин ал 13-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Депутаттын пикиринде, 500 миңдей шайлоочу №2 форма менен добуш бергени партиялар алардын добушун сатып алган дегенди түшүндүрөт.

«Чоң чырдын башы №2 форма болду. Шайлоо мыйзамына чукул өзгөртүү киргизишибиз керек. Бүгүнкү катастрофа кайталанбашы зарыл. Бүт дүйнөгө уят болдук. Эч ким уткан жок, мында. Президент да, оппозиция да, парламент да, өкмөт да, партия да. Уткан ким болду? Криминалдык күчтүн лидерлери утту. Ошолор ар кайсы жерде таасир көрсөтүп, мыйзамсыз иштерге барып...»

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарым миллионго чукул шайлоочу №2 форма менен добуш бергенин расмий жарыялаган.

Кезектеги парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстан саясий кризисте турат. Шайлоодо бийликчил партиялар добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгону коомчулук жана башка партиялар арасында күмөн жараткандыктан, 5-октябрда нааразылык митинги башталып, ал бийликтин легитимдүүлүгүнө күмөн жараткан жагдайды түзгөн окуялар менен уланды.

Кийин БШК бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

19:09 13.10.2020

Депутат Садык Шер-Нияз Канат Исаевге "жеке амбиция эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коеруңузга ишенем" деп айтты.

19:12 13.10.2020

Иса Өмүркулов: Азыр оор абалда турабыз. Мамлекет үчүн өтө кооптуу мезгилде турабыз. Парламенттин ушундай учурда туруктуулукту камсыздап берүүгө толук укугу бар. Ар бир депутаттын билими, амбициясы бар. Мамлекет үчүн, эл үчүн, стабилдүүлүк үчүн ушул абалдан чыгып кетүү үчүн Канат Кедейкановду спикерликке шайлоого чакырып кетем.

19:14 13.10.2020

Дастан Бекешев: Сиз шайлоого катышасызбы? Катышсаңыз, административдик ресурсту, каражатты колдонобуз.

Канат Исаев: Шайлоого чейин 6-чакырылыштын мөөнөтү деле аяктап калды. Аны көрөбүз. Балким партиялаштар башка партияларга бөлүнөбүз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG