Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

18:29 13.10.2020

Мирлан Бакиров: Мен ал жыйынды төраганын орун басары катары улантып кеттим. Мен өз ыйгарым укугума жараша кол коюп бердим.

Садыр Жапаров 6-октябрда "Достук" мейманканасынан көпчүлүк коалициядан сунушталган. 10-октябрда жактырылган. Бүткүл комитеттин жыйыны катары эсептеп карай баштаганбыз. Кайрадан отурум чогулуп, кворум болсо ошого жараша баа берилиши керек.

"Биримдик" же "Мекеним Кыргызстан" шайлоонун жыйынтыгын калыбына келтирүү боюнча кайра сотко кайрылат деген маалымат менде жок.

Бүгүн баары кайра шайлоого даярдашы керек. Легитимдүү президент, премьерликке сунушталган Жапаров, легимтимдүү парламент бир пикирге келиши керек.

18:37 13.10.2020

Төрөбай Зулпукаров: Бул кырдаалдан чыгып кетсе болот. Шайлоо боюнча БШКнын чечими чыга элек. Кайсы жерден мыйзам бузулганы бизге белгисиз. Ооба, чын мыйзам бузууларды биз дагы көрдүк. Чечим кысым менен кабыл алынып калды.

Президент БШКнын ишине кийлигише албайт. Бир гана сот БШКнын чечимин жокко чыгара алат.

№2ни алып салууну депутаттар сунуштаган. Бирок Кыргыз Республикасынын ар бир жараны добуш берүүгө укуктуу. Менин оюмча, алып эле салганы дурус экен. Бирок элдин добуш берүү укугу бузулат.

18:38 13.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү бекитүү жөнүндө токтомду парламентке кайтарды

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомун артка кайтарды.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин токтомунун көчүрмөсү аппаратка 12-октябрда келип түшкөн.
Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, президент Жогорку Кеңештин токтомун үч күндүн ичинде карап, премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат. Эгерде мамлекет башчы бул мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, токтом күчүнө кирип, алар дайындалган болуп эсептелет.

Бул жобо «Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 25-беренесинин 5-бөлүгүндө да каралган.
Президенттик аппараттын маалыматында:

«Жогорку Кеңештин 12-октбярда келип түшкөн токтому коомчулукта кеңири талкууланып, кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү шек жаратууда. Конституциянын 77-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин жыйыны ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышкан шартта мыйзамдуу болот.
«Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 82-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын отурумдары кворум болсо, анда жыйын мыйзамдуу деп табылып, ал эми кабыл алынган чечимдер мыйзамдуу күчкө ээ болот. Ушундан улам, кворумдун болушу 61 депутаттын физикалык түрдө катышуусун билдирет. Ишеним каттардын болушу добуш берүү укугун берет, бирок кворумду түзбөйт. Берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин 10-октябрындагы кезексиз жыйынында 51 депутаттын катышканы жана андан тышкары башка депутаттардан 10 ишеним кат бар экендиги расмий жарыяланган.

Ушундан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелет», деп жазылган.

Президенттик аппарат дал ушул себептен улам мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында кабыл алынган чечимдердин негизинде бекитилген токтомду артка кайтарганын белгилөөдө.

18:43 13.10.2020

Түз эфир

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG