Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

17:57 13.10.2020

Жанар Акаев: 9-октябрда өткөн тынчтык митингинде мен сүйлөгөн жокмун. Албек Ибраимовго окшогон адамдар турган экен. Атамбаевди чакырган эмесмин. Ошол учурда биз кризис менеджер издегенбиз. Тилекке да айтып, акыры Бабановго токтолгонбуз. Ушундай кырдаалда күчтүү кризис менеджер керек экенин айтканбыз. Бирок кийин Өмүрбек Бабанов Атамбаевге кетип калган экен. Ушундан кийин мен аларга кошулуп ошол жерде турганды каалаган жокмун.

17:59 13.10.2020

Евробиримдик: Кыргызстанда кризисти жоюуда негизги роль президентте

Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстандын мыйзамдуу бийлиги менен кызматташа берет жана өлкөдө түзүлгөн кризисти жоюу боюнча саясий процессте негизги роль президентте экенин белгилейт. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 13-октябрда биримдиктин атынан ушундай билдирүү жарыялады.

Анда кризистен чыгуунун жолу бардык күчтөрдү камтыган кеңири диалог болушу керек экендиги жана эркин, калыс, эл аралык нормаларга таянган жаңы парламенттик шайлоо уюштурууга шарт түзүп берүү зарыл экени айтылды.

Ошону менен катар Евробиримдик Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин Кыргызстандагы кырдаал боюнча билдирүүсүн толук колдой турганы белгиленди.

12-октябрда президенттик аппарат Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлү Петер Бурианга таянып, бул уюм Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз конституциялык бийлик жана легитимдүү институт катары тааный турганы айтылганын маалымдаган. Буриан президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган.

БУУ Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президентти тааный турганын 12-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө БУУнун баш катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман билдирген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайты жазган.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митингинен кийин өлкөдө башаламандык болуп, саясий кризис орноп турат.

18:14 13.10.2020

Элвира Сурабалдиева: Мен бул жерге кворум үчүн келдим. Бул менин депутаттык милдетим. Эл биздин качпай эле келип жатканыбызды көрүшү керек. Бирок мени бул жакка эч ким чакырган жок. Социалдык тармактардан окуп, кесиптештериме чалсам, чогулуп жатканын айтышты. Кырдаал оор. Азыр эле ооруканада жаткан балдарды көрүп келдим.

18:15 13.10.2020

Канатбек Исаев: Сунуш түшсө төрага болуп иштөөгө макулмун

Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев эгер анын талапкерлиги парламент төрагалыгына сунушталып, колдоо тапса иштеп берүүгө даяр. Бул тууралуу ал 13-октябрда "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып айтты:

"Кесиптештер сунуш кыла турган болсо иштеп бергенге даярбыз. Күн тартибине кирсе каралат. Депутаттар чечет".

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Исаев 6-октябрга караган түндөгү окуяны шайлоонун жыйынтыгына нааразылык деп кабыл аларын айтты.

Депутат Жанарбек Акаев бүгүнкү, 13-октябрдагы чукул сессияда Жогорку Кеңештин төрагасы шайланары, ага эки талапкер көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу билдирген. Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында парламенттин чукул жыйыны башталганы жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG