Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

17:41 13.10.2020

Улан Примов: Бардык саясий күчтөр мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюшу керек. Садыр Жапаровду шайлоо жыйынына катышкан эмесмин. ЖМКдан уктум. Мен азыр президенттин кызматтан кетишин туура эмес деп эсептейм. Бул жерде шайлоонун жыйынтыгына нааразы күчтөр чыгып, ал акыры бийлик талашка айланып кетти. Кандай партия болбосун анын артында шайлоочулары бар. Мен шайлоо таза өттү дегенден алысмын. Бирок биздин Алайда баарын таза өткөрүүгө аракет кылдык. (Улан Примов "Биримдик" партиясы менен шайлоого катышкан - ред.). Бирок бардык саясий күчтөр биригип, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга коюшу керек.

17:44 13.10.2020

Марат Аманкулов: Биз баарын мыйзам чегинде өткөрүүгө аракет кылганбыз. Мыйзам бузуулар болсо аны карап териштирүү керек. Азыр эл аралык коомчулук бир гана президенттин бийлигин таанып атат. Президент калышы керек, таза болбосо шайлоо өткөнчө Конституциянын гаранты катары калышы керек.

Өткөндө, 10-октябрда жыйынга кечигип келгем. Канча депутат келгенин секретариаттан сурап билүү керек.

17:47 13.10.2020

Жанар Акаев: Өзгөчө абал киргизип, жаңы спикер шайлайт экенбиз. Атаандандаштык ачык болушу керек. Спикерликке эки адам каралып аткан экен. Бирөө Канат Исаев экенин уктук. Өткөндө жыйында эч ким айткан эмес. Азыр да жарым саат мурда айтышты, жетишип келип калдык. Азыр мурдагы шайлоонун жыйынтыгын калтырып, уткан партиялар келсин деп атышкан экен. Биз ага каршыбыз. Биз эч кимден коркпойбуз.

17:54 13.10.2020

Жанар Акаев: Темирлан Султанбековду бошотуш керек. Эгер аны кармаса ошол жерге чыккан бардык саясатчыларды камаш керек. Мен Темирландын "Конституциялык түзүлүштү басып алалы" дегенин уккан жокмун. Керек болсо айрым депутаттар чогулуп, эртең аны көрүп келсекпи деп жатабыз.

Бизди суракка чакырса да коркпойбуз.

Азыр президент отставкага кетсе, дагы башаламандык башталат. Ал киши албетте кетиши керек, бирок азыр эмес. Баарын мыйзам талаасына салып бергенден кийин кетиши керек.

Садыр Жапаровдун 40 депутат менен шайланып алганы мыйзамсыз жана легитимсиз. Бизди "Достукка" чакырган жок. Өткөндө 70 депутат катышпаса, 50 депутат колдоптур. Бизге деле айтсын. Азыр деле эки ай иштеп турайын деп баарыбыздын башыбызды кошсо, колдоп берели. Садыр Жапаровдун программасы жакшы болсо, эмнеге колдобошубуз керек?

Бирок келбей жатып башкача ойлонгон адамдарды кысымга алганы туура эмес. Мен аны колдогон митингдерге дайыма барып турчумун. Эгер ошол жаштар митингге чыкпаса, Садыр Жапаров түрмөдө отурмак.

Ал эми мага ар кандай СМСтер келип атат. "Эки балаң бар, кайсы мектепке бара турганын билебиз, Кыргызстандан чыгып кет" деген коркутуулар фейк-баракчалар аркылуу келип атат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG