Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

17:21 13.10.2020

17:27 13.10.2020

Дастан Бекешев: 10-октябрда өткөн жыйын легитимсиз. 51 депутат келип, калганынын ишеним кат бергени мыйзамсыз.

17:31 13.10.2020

Иса Өмүркулов: Ак үйдүн ичиндеги оокаттын баары талкаланды. Анын баары мамлекеттики. Элдин акчасына келген оокат. Андан тышкары инвесторлорго кылган мамилебиз. Ушундан кийин Кыргызстанга ким келет? Моралдык күнөө баарыбызда бар. Өтпөй калган, шансы жок партиялар да көчөгө чыкты. Бул жерде ийри отуруп, түз кеңешүү керек эле. Эмоциябыз күчөп кетти.

Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлоого катышкан жокмун. Андыктан баары мыйзам чегинде болушу керек. Мен анда Садыр Жапаров өтүп атканын билген эмесмин.

17:35 13.10.2020

Аида Касымалиева: Мен өкмөт башчынын шайланышы боюнча ошол эле пикирдемин. Кворум болгон жок. Процедуралар сакталган жок. Ошонун баарын эске алганда премьер-министрдин шайланышы легитимсиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG