Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

17:11 13.10.2020

Мирлан Бакиров: Токтомго кол коюуга эч ким мажбурлаган жок

Жогорку Кеңештин вице-спикери, 10-октябрдагы кезексиз сессияны алып барган депутат Мирлан Бакиров өкмөттүн курамын жана программасын бекиткен токтом тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Ал Жогорку Кеңештин коллегиалдуу чечимин бекиткен токтомго жоопкерчилик менен кол койгонун, эч ким мажбурлабаганын билдирди:

«Кабыл алган токтомдорду кайрадан иштеп чыгып, оңдоп-түздөп юридикалык жагын жалпы бөлүм, экспертизалык бөлүм карап, колдорун коюп келгенден кийин ошол отурумду алып барган төраганын колун коюп берүү менин милдетим болду».

Вице-спикер ошондой эле жыйынды алып баруу укугун өзүнө өткөрүп берген Мыктыбек Абдылдаевдин сөзүнө таянып, анда кворум болгонун, ишеним катка, депутаттардын санына байланышкан дооматтар регламентте жок экенин белгиледи.

Мирлан Бакировдун пикиринде азыр президенттин жана Жогорку Кеңештин гана бийлиги легитимдүү. Ошондуктан, парламенттик кайра шайлоо өтүп, өкмөт толук иштегенге чейин президент Жээнбеков кетүү жөнүндө оюнан кайтып турушу керек. Ал эми азыркы убактылуу өкмөт мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде президенттин жарлыгы чыгып, ант бергенден кийин толук курамда ишке кирише алат.

17:12 13.10.2020

Президент эл аралык коомчулукка ишенимдүү маалымат берүүнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Президенттин сайтындагы кабарга караганда, жолугушууда Чыңгыз Айдарбеков өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы жөнүндө маалымат берди. Ал тышкы дүйнө Кыргызстандагы жаңылыктарга кунт коюп көңүл буруп, өзү менен ар дайым байланышта болуп, кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануусун билдирип турганын айтты.

Маалыматка караганда, Айдарбеков БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело, элчи, Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен болгон жолугушуулары жөнүндө да айтып берди.

Бул жолугушууларда БУУнун жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнө Кыргызстан үчүн Конституциянын талаптарын сактоо менен өлкөдөгү саясий күчтөрдүн ортосундагы кеңири саясий диалог аркылуу укуктук алкакка тез арада кайтып келүү маанилүү экени айтылган.

Мындан сырткары, Айдарбековдун билдирүүсүндө бул жолугушууларда учурда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салыш үчүн укуктук негизде бардык аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу сөз болуп, кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого техникалык жактан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Айдарбековдун айтымында, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү бийликтин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттерин колдогон, зарыл болгон жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкен.

Президент Сооронбай Жээнбеков чет элдик өнөктөштөрдүн колдоосуна ыраазычылык билдирип, учурдагы татаал саясий кырдаалда бүткүл эл аралык коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулушу керек экенин белгиледи.

Буга чейин БУУ жана Евробиримдик Кыргызстандагы бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааный тургандыгы тууралуу маалымат тараткан.

17:13 13.10.2020

Жээнбеков жана Жапаров Орусия президентинин өкүлү менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу президентке караштуу расмий president.kg сайты 13-октябрда жазып чыкты.

Дмитрий Козак
Дмитрий Козак

Маалыматта өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кризистин биринчи күндөрүнөн тартып Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Орусия стратегиялык өнөктөштөр экени, ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарына мүчө экени белгиленген.

Президенттин сайтындагы маалыматта орус тарап Кыргызстанда учурдагы кырдаал башталгандан бери тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча жардам сунуштаганы да белгиленген.

Маалыматта Козак орус президенти Путиндин тапшырмасы менен келгени, жолугушууга Садыр Жапаров да катышканы кошумчаланган.

Бул кездешүүдө эмне сөз болгону, кайсы маселе талкууланганы тууралуу маалымат берилген эмес.

17:14 13.10.2020

Жогорку Кеңештин жыйыны (түз эфир)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG