Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

11:34 16.10.2020

Алтынбек Сулайманов: Кечээ мага жаштар келди, ушул трибунадан айтып кой дешип.

Жаштар "5-октябрда биз эмнеге көчөгөн чыктык? Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргыла дедик. Ошол орундалды. Андан бери үч жолу премьер, эки жолу спикер шайладыңар" дешти.

Жаштардын азыр үч талабы бар. Күрөө, шайлоо босогосу, анан №2ни жокко чыгаруу. Ошону укпай 7% менен келсек, 5-октябрдагы дагы окуя кайталанбайт деген кепилдик жок.

11:29 16.10.2020

Садыр Жапаров: Түндө мен мыйзамдарды карап чыктым. Мыйзам нугунан чыкпашыбыз керек экен. Бир мандаттуу деген туура эмес экен. Эгер биз шайлоону өткөрүшүбүз керек. 3% пайыз демекчи, аны 5% кылса болчудай экен.

11:27 16.10.2020

Төрөбай Зулпукаров: Мен 11% колдоп келгем. Ал оюман кайттым. Аны 3% түшүргөн туура экен. Анан люстрация. Эл ошону күтүп турат. Анан эки жолу депутат болгон адам кайра шайланбасын деген сунуш киргизгим келет.

11:25 16.10.2020

Жогорку Кеңеште Жээнбековдун кыйын кырдаалдагы кадамдары бааланууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев парламентте сүйлөгөн сөзүңдө кызматын өткөрүп берип жаткан президент Сооронбай Жээнбековго өлкө кыйын кырдаалда турганда башка президенттердей болбой, элдин жанында болгону үчүн ыраазчылык билдирди:

"Өлкөбүздү, элибизди канга боебой, өз ыктыяры менен баш тартканын эске алып, мыйзамдарда өлкө башчылар үчүн каралган кепилдиктер Сооронбай Шариповичке (Жээнбеков-ред.) ыйгарылса деп ойлойм."

Ушул эле жыйында депутаттык ишине кайрадан киришкен "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө кыргызстандыктарды Сооронбай Жээнбековду кордобоого чакырды

Текебаев "Мен кыргызстандыктарга кайрылгым келет, кызматтан кеткен президент Сооронбай Жээнбековду кордогонго жол бербейли. Ал өз иши үчүн тарых алдында, мыйзам алдында жооп берер", - деп айтты.

Анын алдында парламентте Жээнбеков президент катары акыркы сөзүн сүйлөп, депутаттар анын отставкасын кабыл алышкан.

Соңку күндөрү Бишкекте өтүп жаткан митингдерде Жээнбековдун кетиши талап кылынып, анын дарегине көп сын-пикир айтылган.

"Өлкөбүздү, элибизди канга боебой, өз ыктыяры менен баш тартканын эсве алып, мыйзамдарда каралган өлкө башчылар үчүн каралган кепилдиктер Сооронбай Шариповичке (Жээнбеков-ред.) ыйгарылса деп ойлойм."

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, башаламандык башталган. 15-октябрда президент отставкага кетерин жарыялаган. Ошол эле күнү премьер-министр Садыр Жапаров мамлекет башчынын да милдетин аткарарын, себеби парламент спикери Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тарканын жарыялаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG