Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

11:23 16.10.2020

Кожобек Рысбаев: Канча деген коррупционерлер, мүлкүн жашырып, көзүн май баскандар ушуга алып келди.

Сиз эми буга жол бербешиңиз керек. Экономика оңолуп, кедейчилик жоюлганда гана сизге ишеним болот.

11:19 16.10.2020

Аида Касымалиева: Урматтуу Сооронбай Шарипович, ушул күндөрү биздин көз алдыбызда тарых жазылууда. Ар бир кабыл алынган чечимди кайра кайтарып алса болбойт. Ал чечимдер кандай жыйынтыкка алып келерин биз кийин гана көрөбүз.

Бүгүн калың эл сиздин кадырыңызды миң эселеп билип, кетишиңизге кайгырып турат. Эмитеден эле эл сизди сагына баштады.

Баары көрүп, бардыгын билип турушат. Кадырыңыз чыныгы калың журттун жүрөгүндө экен! Көрсө, атайлап жасалган кара пиар сизге жукпаптыр. Эл сыйлап, бул кадамыңызды алкоого алган учур! Мындай кадам, чыныгы элин сүйгөн, жерин сүйгөн адамдын колунан гана келет!

Мүмкүн сиздин душмандарыныз бүгүн кубанып, эртен эл сыяктуу кайгырышар... Аны мезгил өз ордуна коет...

11:16 16.10.2020

Иса Өмүркулов: Садыр Нургожоевич, кадрларга аяр мамиле жасаңыз. Экономика жана социалдык чөйрөдөгү адистерди сактап калыңыз.

Саясий оппоненттерге куугунтук болбойт деп айттыңыз, бул сөзүңүз жакты. Куугунтук болбошу керек.

Бирок, парламентти таратууга азыр эч негиз жок. Бир ай калды. Мыйзамдуу нукка салалы баарын.

Бул окуялар бизге сабак болушу керек. Мурда революция беш жылда болсо, азыр үч жылга түштү. Жаштар, энергия келип атат, энергиядан эмоция көп. Алардын талабын эске аласыз деген ойдомун.

11:09 16.10.2020

Айнуру Алтыбаева: Биз мажоритардык (бир мандаттуу) системага кайтпашыбыз керек. Бул аялдардын, прогрессивдүү жаштардын, алдыга карай жылуунун жолун тоскон система.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG