Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

11:04 16.10.2020

Өмүрбек Текебаев: Шайлоо күрөөсүн азайтуу керек. Көчөдөгү элдин талабы ушул. Парламенттик шайлоону 60 күн ичинде президенттик шайлоону үч айда өткөрүү керек. Мен эки шайлоону бир өткөрүүнү сунуштайт элем.

Премьер-министр болгон адам шайлоого катыша албайт. Эгер ага карабай премьер-министрдин жакындары шайлоого аттанса, ага эл ишенеби? Андыктан Баш мыйзамды так сактоого чакырам.

Биздин беш коңшубуз бизге "Конституцияны сактагыла" деп кайрылды. Евробиримдик да кайрылып жатат.

Садыр Нургожоевич, сиз Кыргызстан эмес, дүйнө чайпалып турганда бийликке келдиңиз. Коңшулардын баары көз салып турат. Мындай кырдаалдан элдин ынтымагы, акылмандуулук менен чыгып кетебиз деп ишенем.

10:59 16.10.2020

Өмүрбек Текебаев: 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаевдин арызын алуу үчүн делегация менен баргам. Ошол делегациянын ичинде жаш депутат Садыр Жапаров да бар эле. Ошондо эски саясатчылар Аскар Акаевди "арыз жаз" деп түрткүлөгөндө ал бизге карап, "Мен колхозчу эмесмин, мен Кыргызстандын президентимин, элди сыйлагыла" деген.

Биз бүгүн Сооронбай Жээнбековду кордоого жол бербейли. Анын кылган ишине, аракетине тарых баа берсин.

Садыр Нургожоевич, бүгүн сиздин колуңузда эбегейсиз бийлик, чоң жоопкерчилик турат. Мен азыр сизге суктанбайм, кайра мен сизди аяп турам. Эл азыр сизге ишеним турат. Ой бат эле өзгөрүп кетерин, сүйүү менен жек көрүү каш-кабактын ортосунда экенин унутпаңыз.

Наполеон "Мени досторумдан сакта, душмандарым менен өзүм эсептешем" деген экен. Камчыбек Ташиев - бүгүн достуктун үлгүсүн көрсөттү. Илгери госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевди "доссекретарь" деп атайт элем. Мурдагы бийликте тургандарды Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди, Жээнбековду аңга түрткөндөр анын айланасындагылар болду. Садыр Нуркожоевич, сизге, сиздин командага бул чоң сабак болушу керек. Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Нуркожоевичтикинен тарых алдында кем эмес, балким, андан да жогору.

10:50 16.10.2020

Канат Исаев: Президент качып кетпегени үчүн мамлекетибиз тез эле укуктук нукка бурулду. "Биздин жарандарды ара жолго таштап кеткен жок. Сизге бекем ден соолук, ийгилик каалайбыз" деп бийлигин тапшырган Сооронбай Жээнбековго ийгилик каалады.

10:47 16.10.2020

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга эки сааттан кийин кайрылуу жасай турганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG