Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

10:46 16.10.2020

Канат Исаев: Президент кызматын тапшырганда анын милдети спикерге өтөрүн, бирок ал учурдагы жагдайды эске алуу менен бул кызматтан баш тарта турганын билдирди.

10:43 16.10.2020

Сооронбай Жээнбеков: Президенттик мөөнөтүмдө тышкы саясатты жолго коюуга жумшадым. Санариптешүү, элди таза суу менен камсыздоо, аймактарды өнүктүрүүгө аракет кылдым. Коррупцияга каршы күрөштүк. Ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу максатында иштер жасалды. Бул бурулуш бизге эмне алып келерин тарых көргөзөт. Менин дарегиме колдоо көргөзүү менен өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу талаптары да коюлду. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Жарандык коом менен массалык маалымат каражаттарынын аракети Кыргызстан укуктук өлкө экенин далилдеди.

Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем. Мамлекет башына эң оор кырдаал келгенде таштап кетпей карадым. Мен үчүн ар бир мекендештин өмүрү, ден соолугу кымбат. Элдин бүтүндүгү үчүн кызматтан кетүүнү чечтим. Албетте көп иштер бүтпөй калды. Менин амбициялуу максатым - Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун куруу эле. Бул жол Кыргызстан үчүн керек. Иш болгон жерден кемчилик болот экен. Ал үчүн мен ар бир мекендешимен кечирим сурайм.

10:36 16.10.2020

Парламентке президенттик кызматын тапшыра турганын айткан Сооронбай Жээнбеков келди.

10:24 16.10.2020

Садыр Жапаровдун кийинки пландары кандай болот?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG