Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

10:21 16.10.2020

ЕБ: Кыргызстанда президенттин милдети премьерге өткөрүлгөнү олуттуу суроо жаратууда

Европа Биримдиги (ЕБ) парламенттик демократия жолунда бара жаткан Кыргызстанда президенттин ыйгарым укуктары премьер-министрге өткөрүлүп берилгени олуттуу суроо жаратууда деп эсептейт. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелдин 15-октябрдагы билдирүүсүндө айтылды.

Жозеф Боррел.
Жозеф Боррел.

Анда биримдик президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийинки отставкасы тууралуу маалыматты кабыл алганы, эми президенттин ыйгарым укуктары менен милдеттери Конституциянын негизинде аткарылышы маанилүү экендиги белгиленди. Мында кыргыз бийлиги эл аралык милдеттенмелерин так аткарышы, мыйзам үстөмдүгүн, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин камсыз кылып бериши маанилүү экени айтылды.

Боррель Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдү конструктивдүү жана кеңири диалогго чакырып, парламенттик жана президенттик шайлоону эркин жана калыс өткөрүүгө үндөдү.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, башаламандык башталган. 15-октябрда президент отставкага кетерин жарыялады. Мыйзам боюнча президент кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетсе анын милдетин парламент төрагасы аткарышы зарыл. Бирок спикер Канатбек Исаев баш таркандыктан бул милдет премьер-министрге өткөнүн өкмөт башчы Садыр Жапаров жарыялады.

10:11 16.10.2020

БУУ Кыргызстанды Баш мыйзамды cактоого үндөдү

Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы саясий күчтөрдү “өлкөнүн алдыга жылышына” байланыштуу чечимдерди Конституциянын алкагында кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриштин басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик 15-октябрда Нью-Йорктогу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, БУУ Кыргызстандагы тез өнүгүп жаткан кырдаалга көз салып жатат жана Садыр Жапаровдун премьер-министрликке дайындалганын, ошондой эле президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттерин өткөрүп алганын эске алууда.

“Биз Кыргызстандагы бардык оюнчуларды өлкөнү илгерилеткен чечимдерди бардык тараптар камтылган, ачык-айкын шартта, кыргыз Конституциясынын алкагында кабыл алынышын камсыз кылууга чакырабыз”, - деп билдирди Стефан Дюжаррик.

Ал баш катчынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман бейшембиде Бишкекке келгенин, жума күнү азыркы кырдаалдын тынч жол менен чечилиши үчүн тиешелүү тараптар менен сүйлөшүү өткөрө турганын кошумчалады.

15-октябрда президентке караштуу president.kg сайты Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялаган. Анда Жээнбеков отставкага кетүү тууралуу чечимди кабыл алганын билдирген.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

10:08 16.10.2020

Cалянова: Конституциялык реформа жөнүндө азыр сөз да болбошу керек

Кыргызстанда кырдаалды жөнгө салыш үчүн тез арада таза шайлоо өткөрүү зарыл. Эч кандай конституциялык реформа жөнүндө азыр сөз да болбошу керек. Бул тууралуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова «Азаттыкка» комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, президент кеткен учурда 28-октябрдан кийин анын ыйгарым укуктары премьер-министрге өтүшү мүмкүн.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

«Ошондо сот бийлигин эсепке албаганда өлкөдө бир эле бийлик калат. Президенттин да, премьер-министрдин да ыйгарым укуктары бир адамга өтөт. Парламент ишин токтотот. Демократиянын кепилдиги болгон бийлик бутактарынын тен салмактуулугу түп-тамыры менен жок болот. Баланстын жоктугу узурпацияга алып келиши толук мүмкүн. Эки бийликке ээ болуп калуу - бул олчойгон бийлик эле эмес, эбегейсиз жоопкерчилик! Жарандык коомдун катуу көзөмөлү гана эки баштуу бийликке колдоо боло алат».

Саясатчы мындай кырдаалда референдум жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес деген пикирде.

«Референдумду парламент гана жарыялай алат. Бирок жарыялаш үчүн парламенттин колунда элдин элегинен өтүп келген долбоор болушу керек. Андай долбоор жок. Парламенттин колунан келе турган өзгөрүү - бул шайлоо босогосун үч пайызга түшүрүп, күрөөнү кескин азайтып, №2 форманы чектөө. Конституциялык реформадан да бүгүн ушул маанилүү», - деди Аида Салянова.

10:06 16.10.2020

Турсунбек Акун: Жээнбеков менен Жапаровдун сүйлөшүүсүндөгү сөздөр жашыруун болбошу керек

Мурдагы акыйкатчы жана укук коргоочу Турсунбек Акун президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү тууралуу чечими жөнүндө өз пикирин «Азаттыкка» билдирип, бул күтүлгөн нерсе болгонун айтты. Акун ошентсе да процесстин арты жашыруун болуп жатканына кабатырланды:

«Президент 5-октябрдан кийин эле жалпы журтка кайрылып, кызматтан кетерин билдирген. Ал эки айдан кийинби, же беш күндөн кийинби, кыскасы ушундай позициясын айткан. Ошондуктан анын кызматтан кетиши күтүлгөн нерсе эле. Бирок башка жагдай - «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамга ылайык, өзгөчө абал учурунда президенттин ыйгарым укуктары башка адамга берилбейт. Ошондуктан мамлекет башчы 19-октябрдан кийин кетиш керек эле. Дагы бир маселе - мамлекет башчы кызматтан кетип жаткан себебин парламенттин, коомчулуктун алдында ачык айтышы керек. Премьер-министр Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүүдө кандай сөздөр болду? Ошолор айкын болушу зарыл. Президенттин кызматтан кетишине мен каршы эмесмин, бирок анын артындагы кептер жашыруун болбошу керек. Коркутуу болду деп айта албайм, бирок ачык болбосо адамдарды ар кайсы ойлорго түртөт».

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG