Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

10:06 16.10.2020

Осмоналиев: Садыр Жапаров өзү да кырдаалдын барымтасында калгандай туюлуп жатат

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев 15-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. Ал кечээ президенттин жарлыгы менен өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаровдун тарапкерлери бүгүн президентти кетирип, эми парламенттин кетишин талап кылып жатышканына түшүнбөгөнүн билдирди:

«Менде ушундай ой пайда болду: Садыр мырза өзү да кырдаалдын барымтасында калып жатат. Балким ал жерде түрдүү адамдар болуп жатканы да таасир этиши мүмкүн. «Кетсин» деп тургандардын көпчүлүгү жаштар, талаптары улам өзгөрүлүп жатат».

Каныбек Осмоналиев быйыл жазында Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылган митингден кийинки башаламандыкта кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган эле. Ага Жазык кодексинин 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») боюнча айып коюлуп, сотко чейинки териштирүү башталган. Кийинчерээк саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган.

10:04 16.10.2020

Сариев: Конституциялык жол менен кетиш үчүн шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керек

Кыргызстанда конституциялык жол менен кетиш үчүн парламенттик жана президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керек. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү шартта мыйзамга ылайык 20-декабрга чейин парламенттик, 15-январга чейин президенттик шайлоо өтүшү керек.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Бирок «эки шайлоону бир күндө өткөрсөк болот» деп да айтып жатышат. Эгерде бул шайлоону өткөрбөсөк, конституциялык нуктан чыгып кетебиз. Бирок 2010-жылы өзгөчө шарт болуп калганда Убактылуу Өкмөт өзүнө бардык жоопкерчиликти алып, конституциялык реформа жүргүзүп, анын негизинде парламенттик шайлоо өткөргөн. Анда Конституциянын айрым пункттарын токтотуш керек. Бирок ал учурда өзгөчө шарт болгон үчүн эл аралык коомчулук, коңшу мамлекеттер аны кабыл алышкан. Бул жолу андай болбой калышы мүмкүн. Ошон үчүн саясатчылар акыркы абалды карап, конституциялык жол менен кетүүгө чакырышыбыз керек», - деди Сариев.

Темир Сариев президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткени жөнүндө видео кайрылуу кылып же арызын көрсөтсө ынанымдуу болмок деген пикирин кошумчалады.

21:56 15.10.2020

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев өз арызы менен президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу Исаевдин партиялашы, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурбек Алимбеков «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, парламент төрагасы президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.

«Бирок Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет», - деди Алимбеков.

Ошондой эле Нурбек Алимбеков 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны чакырылганын жана анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековдун президенттиктен кетүү боюнча арызы караларын маалымдады.

20:40 15.10.2020

Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда президент да, парламент төрагасы да кызматтан кеткенин жарыялады. Ал ушул мүнөттөрдө Эски аянтта чогулуп турган тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөп төмөнкүдөй билдирү жасады:

"Бардыгы ордуна келди. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз арызын жазып берип кетти. Спикер Канат Исаев анын милдетин аткаруу мүмкүн эмес экен деп, өзүнүн арызын жазып берди. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген кызмат мага өттү".

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG