Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

18:46 15.10.2020

Дүйшөбаев: Кызматка кирише элекмин

Бүгүн, 15-октябрдагы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев кызматын аткарууга толук кандуу кирише элек. Бул тууралуу Дүйшөбаев өзү “Азаттыкка” билдирди:

“Жарлык чыккан, жамаатка тааныштырышты. Бирок жумушка толук кандуу киришкенге жетишкен жокмун. Ызы-чуу болуп кеткенин көрүп жатпайсыңарбы. Ал эми президенттин кызматтан кеткени жөнүндө анын расмий сайты жарыялады. Ошондуктан, кантип ишенбей коесуң?" - деди Дүйшөмбиев.

Кыргызстанда 5-октябрдан бери саясий кризис чечилбей турат. Ал учурдагы башаламандыктардан соң, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дамир Сагынбаев жумуштан кетип, анын ордуна 15-октябрда гана Кеңешбек Дүйшөбаевдин дайындалганы белгилүү болгон.

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

18:43 15.10.2020

Песков: Жээнбековдун чечимин эмоцияга таянып баалоого болбойт

«Кызматтан кетерин жарыялаган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун иш-аракетин «эмоционалдык критерийге» таянып баалоо мүмкүн эмес», - деп билдирди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.

Кабарчынын: «Жээнбековдун бийликтен баш тартышы жоопкерчиликтүү кадам болдубу же анын алсыздыгын көргөздүбү?» - деген суроосуна Песков:

«Абалды турукташтырууга жана конституциялык нукка кайтууга багытталган бардык аракеттер жардам берет», - деп жооп берди.

Песков Москва абал тез арада тынчыйт деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

Буга чейин Орусия Кыргызстанга финансылык колдоосун убактылуу токтоткону кабарланган.

18:34 15.10.2020

Депутат Сулайманов прогрессивдүү күчтөрдү ынтымакка чакырды

Кыргызстандагы акыркы кырдаалда бийликтин бир колго топтолбошу үчүн бардык прогрессивдүү күчтөр чогуу иш алып барышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы абалды укуктук алкактан чыкпашы үчүн парламенттин мааниси чоң.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Азырынча андай күчтөр жыйнала элек. Бирок андай кадамдар байкалбай турат. Бирок кырдаал ошого алып барабы деген ойдомун. Эртең Жогорку Кеңеш өзүн кандай көрсөтөт? Ошого абдан көп нерсе көз каранды», - деди Сулайманов.

Ал ошондой эле президент кызматтан кеткен учурда анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек экенин кошумчалады. Алтынбек Сулайманов ушу тапта парламент төрагасы Канатбек Исаевге карата басым болушу мүмкүн экенин четке каккан жок:

«Учурда «парламенттин төрагасы кетсин» деген басым болуп атат. Бирок Жогорку Кеңештин мөөнөтү боюнча талаш бар: санай келгенде 15-октябрда беш жылдык мөөнөтү бүтөт, экинчи жагынан кийинки парламент ант бергенге чейин иштеши керек. Бирок өлкөдөгү тынчтык болсун десек парламенттин иштеп турганы абдан маанилүү».

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

18:32 15.10.2020

Масалиев: Үч айдын ичинде президенттик шайлоо дайындалышы керек

15-октябрда президентке караштуу president.kg сайты Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, президент өз арызы менен кызматтан кеткен соң үч ай ичинде шайлоо жарыяланышы керек. Масалиев өлкө үчүн кооптуу жагдай түзүлгөнүн эскертип, бул жерде премьер-министрликке келген Садыр Жапаровдун аракеттеринен көп нерсе көз каранды экенин белгиледи:

«Конституцияда так жазылып турат. Президент кеткенден кийин анын ордун парламент төрагасы ээлейт. Үч айдын ичинде президенттик шайлоо дайындалышы керек. Ачык айтканда, президент кырдаалды турукташтыруу процессине салым кошо албай койду. Балдарда акыл-эс болсо, «бийликтин бардыгын өз колумда кармайм» дебесе, өз жолу менен кетиши керек. Максаты башка болсо анда билбейм».

«Конституциянын нормасы боюнча президенттин милдетин аткарган киши президенттикке кое албайт. Аны Жапаров эске алса, ал унчукпай эле Канатбек Исаевди президенттин милдетин аткаруучу кылып калтыра бериши керек. Бардыгыбыз акыл-эс менен кеңешип иш кылбасак, анда биз жакшылыкка жете албайбыз», - деп кошумчалады экс-депутат.

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG