Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

17:58 15.10.2020

Иманалиев: Президент өзүнүн отставкасы жөнүндө видео кайрылуу жасашы керек

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткени жөнүндө видео кайрылуу кылып, журналисттерге, элге чыгып жарыяласа жакшы болмок.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстандагы абалды комментарийлеп жатып “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президенттин кызматын тапшыруусу боюнча бардык жагдайлар ачык айтылышы керек:

“Биз президент кандай талап менен, кандай жагдайда кол койгонун билбейбиз. Тексти чыкты, бирок өзү видео кайрылуу кылып журналисттерге, элге чыгып жарыяласа ишенимдүү болот эле. Эртең Жогорку кеңеш кабыл ала турган болсо өзү чыгып сүйлөп берсе эч кандай күмөн саноону туудурбайт эле. Себеби ага чейин жолуккан коомдук ишмерлер Эркебаев, Кулов жазышты. Кетпейм деп айткан экен. Бир саатта эле ичинде эмне өзгөргөнү, ага эмне себеп болгону боюнча коомчулукта, маалымат айдыңында да суроолорду жаратып жатат», - деди Иманалиев.

Ошондой эле депутат Кыргызстанда бийлик трансформациясы укуктук жолдон тайбай, мыйзам чегинде жүрүшү керектигин кошумчалады.

«Парламент чогулуп, биз укуктук мейкиндиктен кетпешибиз керек. Президент чынында өз ыктыяры менен кетип атса отставкасын кабыл алып, конституция боюнча алга жылып, президенттик жана парламенттик шайлоонун датасын аныкташыбыз керек. Ал эми реалдуу жагдайды эске алганда президенттин милдетин аткаруу кимге өтөрү төраганын позициясына жараша болот. Эгерде жоопкерчиликти мойнуна алып аткара берем десе, аткара берет. Аткара албайм десе, анда башкача позиция каралышы мүмкүн. Коомчулук, эл тааныган аттуу-баштуу инсандар, юристтер, укук таануучулар, омбудсмен бардык тараптарды укуктук жагдайда гана иш алып барууга чакырышы керек. Тезинен президенттик жана парламенттик шайлоонун датасын аныкташы керек. Өзгөчө кырдаал учурунда конституцияны өзгөртүү зарылчылыгы жок. Оош кыйыш учурда конституция кабыл алып көрдүк, чийки, коомчулуктун бардык кызыкчылыктарын эске албаган конституцияларды кабыл алып жүрөбүз. Конституияны жаңы парламент келгенден кийин гана түзө башташ керек. Конституциянын талаасынан чыккандан кийин башаламандык башталат», - деди Иманалиев.

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

16:59 15.10.2020

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан "Азаттыкка" ырасташты.

Маалыматка караганда, Ош облустук соту Тилек Матраимовду үй камагына бошотуу боюнча чечимди 13-октябрда чыгарган.

9-октябрда Ош шаардык сотунун чечими менен Тилек Матраимов бир айга камакка алынган болчу.

Шаардык сот Тилек Матраимовду 9-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облустук башкармалыгынын тергөө абагына камоо боюнча чечим чыгарган.

Тилек Матраимов жана анын туугандары, жансакчысы 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы мурда кабарланган.

9-октябрда Өзбекстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимовду, Зиябиддинбек Кочкорбаевди, Махсуд Ахмедовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп бергени маалым болгон.

Тилек Матраимов сегиз жылдан бери Кара-Суу районун башкарып келген. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү өткөн аптада Матраимов кызматтан кеткенин билдирген.

Ал өзү парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Тилек Матраимов - Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы.

16:44 15.10.2020

Жороев: Президенттин кызматтан кетиши эл аралык аренада жоготууларга алып келет

Кийинки күндөрү бир нече маанилүү өнөктөштөр Кыргызстандын жалгыз мыйзамдуу бийлик өкүлү катары тааныган Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши эл аралык мамилелерге залакасын тийгизет.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев «Азаттык» менен ушундай пикирин бөлүштү:

«Албетте, чет мамлекеттер жана алардын лидерлери бийликке келген адамды таанышат. Эгер ал Садыр Жапаров болсо, аны да таанышат. Бирок эл аралык аренада көп жоготуулар болот, анткени ал жакта ишенимге жетиш абдан кыйын».

Саясат таануучунун пикирине караганда, эл аралык аренада мыйзамдулуукка жетип, башка мамлекеттер да бийликти таануунун жалгыз жолу - шайлоо өткөрүп, бийликке легитимдүү парламент жана өкмөт келиши керек.

«Эгер баары убактылуу макамда кармалып калса, башка мамлекеттер менен олуттуу мамиле түзүү кыйын болуп калат», - деди Жороев.

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

16:22 15.10.2020

Феликс Кулов: Кыргызстанды кимдир бирөө башкаргысы келип атат

Мурдагы премьер-министр, «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетиши тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.




Анын пикиринде, президенттин отставкасына байланышкан окуя алдын ала максатты көздөгөнүн жана кимдир бирөө башкарууга умтулган механизм бар экенин ачык көрсөттү.

«Адегенде Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына сунуштап, дээрлик күч менен парламентти чогултуп, ал шайлангандан кийин президенттин отставкасы боюнча маселе көтөрүлүп, эми парламентти таркатуу талап кылынып жатат. Эми Жогорку Кеңешти таратып, бийлик анын колуна өтүп кетпеши үчүн спикерди күч менен алууга аракеттене башташат. Ошондо бийлик бир адамдын - премьер-министрдин колуна өтөт. Эл үчүн жана Садыр Жапаровдун өзү үчүн бул бийлик ага эмне үчүн керек деген суроо туулат. Эгер ал мамлекеттеги акыбалды күч менен оңдогусу келсе, аны Алла колдосун. Бирок ага бийлик башка максатта керек болсо, эртеби-кечпи бийликке мындай жол менен келген кайсы адамга болбосун, өзүнө бумеранг болушу мүмкүн", - деди Кулов.

Ал азыркы кырдаалга эл аралык коомчулук кандай баа бере турганын, башка мамлекеттердин кандай кабыл аларын жана эл аралык багыттагы кесепеттерди унутпоо керектигин кошумчалады.

«Чек аралар жабылып, эч ким жардам бербей калат, инвесторлор келбейт. Мигранттар жапа чегет. Коронавирустун экинчи толкуну баарына таасирин тийгизет. Кыргызстандын тарыхында мынчалык жагымсыз көрүнүш дээрлик болгон эмес. Ушундай кырдаалда Садыр Жапаров мамлекетти башкара алабы? Ошондуктан Садыр Жапаров жоопкерчиликти өзүнө алдыбы, мамлекет үчүн мен ага ийгилик каалайм. Эгер ал иштей албаса, карьерасы ушуну менен бүтөт», - деди Кулов.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон бери Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат.

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялады.

14-октябрда мурдагы депутат, 6-октябрга караган түнкү тополоңдо тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG