Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

16:21 15.10.2020

Эркебаев: Сооронбай Жээнбековдун чечими күтүүсүз болду

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү тууралуу чечими күтүүсүз болгонун, мындай абалга өкүнүп турганын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, бүгүн Жээнбеков менен Роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Феликс Кулов, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков сыяктуу ондон ашуун мамлекеттик, коомдук ишмерлер жолуккан жана анда Жээнбеков жакын арада кетпей турганын белгилеген.

«Ал өзүнүн сөзү боюнча, «мыйзамдуу жол менен Жогорку Кеңеш шайлангандан кийин жаңы өкмөт курулат, ошондон кийин кетүүгө даярмын» деп айткан. Дагы бир жолу бышыктаган», - деди Эркебаев.

Ал эми кийинки чечимди Жогорку Кеңеш кабыл аларын кошумчалады.

«Жогорку Кеңеш чогулуп, отставкасын бекитип, анда төрага милдетин аткарышы керек. Парламент азыр күчүндө турат. Эгер чогулта албай калса, жалгыз өкмөт башчынын юрикалык күчү бар. Жогорку Кеңеш бекитти, президент жарлыкка кол койду. Жалгыз мыйзамдуу бийлик Жапаровдо болуп калат», - деди Эркебаев.

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

16:18 15.10.2020

Ишенбай Кадырбеков: Мыйзам нугуна кайтаруу БШКнын колунда

Кыргызстанда түзүлгөн азыркы кырдаалда баарын орду-ордуна коюуга 12 адамдын мүмкүнчүлүгү бар. Алар – Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү. Бул тууралуу 15-октябрда “Азаттык” радиосуна Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков билдирди.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

Анын айтымында, мыйзам боюнча БШК мүчөлөрү милдетин так аткарып, азыркы өзгөчө абал 19-октябрда аяктагандын эртеси, 20-октябрда парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн бекитип бериши зарыл жана ошондо Кыргызстанда мыйзам нугуна кайтууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Кадырбеков белгилегендей, президент отставкага кеткенден кийин анын ыйгарым укугу парламент төрагасына өтөт, азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу 28-октябрда аяктайт.

Кыргызстанда парламенттик кайра шайлоо процессин аягына чыгара турган орган Борбордук шайлоо комиссиясы экенин белгилеген Кадырбеков президенттик кезексиз шайлоо өткөрүүнүн жол-жобосун да түшүндүрдү:

“Конституциялык мыйзамдын 48-беренеси боюнча, эгерде президент мөөнөтүнөн мурда кетип калса, Жогорку Кеңеш бир жума ичинде президенттик кезексиз шайлоонун мөөнөтүн аныктап, шайлоо үч ай ичинде бүтүшү керек. А эгерде парламент бир жума ичинде өзүнүн ыйгарым укугун аткарбай, президенттик шайлоону дайындабаса бул конституциялык мыйзамдын негизинде бир күн ичинде күчүнө кирет да, автоматтык түрдө шайлоо башталды деп эсептелет. Ушунун негизинде Боршайком шайлоо процессин баштайт”.

Ал эми парламенттик кайра шайлоо жана азыркы чакырылыш боюнча Кадырбеков буларды айтты:

"Милдет Боршайкомдо. Конституциялык мыйзамда "БШК бир ай ичинде кайра шайлоону өткөрүшү керек" деп жазылып турат. Азыркы чакырылыш боюнча, Конституцияда алар беш жылга шайланат деп жазылган, андан аша албайт. "

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков отставкага кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

15:35 15.10.2020

Бекматов: Жаңы шайланган парламенттин биринчи жыйыны өткөнгө чейин чейин азыркы чакырылыш легитимдүү

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү тууралуу 15-октябрда "Азаттыкка" комментарий берди. Анын айтымында, мыйзамга ылайык, БШК шайлоо боюнча чечимди бир ай ичинде чыгарып, белгилеши керек. Кайра шайлоо эки ай ичинде өтүүгө тийиш. Ага чейин мыйзам боюнча азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет. Жаңы шайланган парламенттин биринчи жыйыны болгонго чейин азыркы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары узарат деп түшүндүрдү Бекматов.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө жазылган. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы парламенттин ыйгарым укуктары токтотулат деп турат",- деди Абдыжапар Бекматов.

Азырынча Боршайком шайлоо боюнча качан жана кандай чечим кабыл алары белгисиз.

Буга чейин коомчулукта алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу мөөнөтү аяктап жатат деген пикирлер тараган.

15:31 15.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG