Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

15:28 15.10.2020

15:25 15.10.2020

15:20 15.10.2020

Митингге чыккандар парламенттин, анын төрагасы Исаевдин кетишин талап кыла баштады

Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын алдында буга чейин Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө үндөп жаткан митингде эми Жогорку Кеңештин таркашы жана анын жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаевдин кетиши талап кылынууда.

Митингчилер имараттын бооруна "Биздин президент Садыр Жапаров", "Исаев кетсин!", "120 депутат бизге кереги жок" деген ураандарды илип коюшкан.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат.

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетерин жарыялады.

14-октябрда мурдагы депутат, 6-октябрга караган түнкү тополоңдо тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган.

13-октябрда Канатбек Исаев парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланган.

15:13 15.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG