Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

15:09 15.10.2020

Текебаев: Эми президенттик, парламенттик шайлоо чукул арада чогуу өтүшү зарыл

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбеков отставкага парламенттик шайлоо өткөндөн кийин кетсе туура болмок деп эсептейт. Мындай пикирин ал 15-октябрда “Азаттык” радиосуна билдирди:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Менин жеке оюмда, президент парламенттик шайлоодон кийин, жаңы өкмөт калыптангандан кийин кетсе жакшы болмок. Анткени, шайлоо убагында бардык тараптан таанылган легитимдүү орган керек болот. Бирок, тилекке каршы, бүгүн президент арызын жазып кетти. Бул төмөнкүлөрдү жаратат: кыска убакыт ичинде кайрадан президенттик шайлоо болушу керек, өлкөдө акча тартыш болгондуктан, парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөтүн дал келтириш керек. Шайлоолор жаңы жылга чейин өтүшү зарыл. Бул абдан маанилүү, ошол эле кезде кооптуу иш-чара болот. Бүгүнкү убактылуу бийлик шайлоонун таза өтүшүнө жана коомдук тартиптин, мыйзамдардын сакталышына кепилдик берип, аткарышы керек”.

Текебаев азыр өкмөт тез арада чара көрүп, кырдаалды турукташтырышы зарыл экенин белгилеп, аянттарда эл чогулуп, түрдүү талаптарды айтып турганы шайлоого терс таасирин тийгизиши ыктымал деген оюн кошумчалады. Экстремалдуу учурда, басым-кысым фактору чечүүчү болуп турган убакта эркин шайлоо тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

14:48 15.10.2020

14:21 15.10.2020

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков отставкага кетүү тууралуу чечимди кабыл алганын билдирген.

"Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышууга жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү", - деп жазылган кайрылууда.

Жээнбеков Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбегендиктен, отставкага кетүү боюнча чечимге келгенин айткан. Өлкөнүн тынчтыгы бардык кызмат ордунан бийик экенин айтып, эки тарапты тең провокацияга барбоого, премьер-министр Садыр Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырган.

14:11 15.10.2020

Өкмөт Жапаровдун ден соолугу тууралуу маалыматын кайра төгүндөдү

Премьер-министрдин маалымат катчысы Дастан Дүйшөкеев Садыр Жапаровдун ден соолугуна байланыштуу “Азаттыкка” бир саат мурда айткан маалыматын төгүндөдү. Ал өкмөт башчынын ден соолугу жайында экенин айтып, маалыматты туура эмес бергенин айтты:

“Мен маалыматты туура эмес жеткирип койгондуктан... Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Ден соолугу баары жайында. Кошумча айтабыз. Азыр эч кандай комментарий бере албайм".

Садырбек Жапаров.
Садырбек Жапаров.

Буга чейин Дүйшөкеев Жапаров президент менен жолугушууга ден соолугуна байланыштуу бара албай калганын «Азаттыкка» билдирген болчу.

Жапаровдун ден соолугу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов 15-октябрда журналисттерге төмөнкүлөрдү айтты:

“Бугүн мен анын жанында болдум. Ал ооруп жаткан. Чынында, кечээкиден кийин ал аябай ооруп калыптыр. Эртең менен мен Өкмөт үйүнө барсам ал жакта жок экен. Сураштырсам ал жакындарыныкында экен. Ага бардым, жанында болдум. Бир саат мурда. Ошол жерден чалып калышты жана сүйлөшүү баштоого даяр экенин айтышты. Ал жөнөп кетти".

Буга чейин айрым маалымат булактары Бишкекте Жапаровдун президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу өтүп, ага бир катар саясий ишмерлер да катышып жатышканын кабарлашкан. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG