Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

13:38 15.10.2020

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалганын 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин расмий president.kg сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындоо тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Президенттин басма сөз кызматы Дүйшөбаевдин дайындалышы боюнча мындан башка маалымат берген жок.

2018-жылдан бери Коопсуздук кеңешин жетектеп келген Дамир Сагынбаев президенттин жарлыгы менен 10-октябрда кызматынан бошотулган.

13:29 15.10.2020

Эркебаев: президент менен жолугушууга өкмөт башчы барган жок

Президент Сооронбай Жээнбеков коомдук-саясий чөйрөнүн өкүлдөрү менен саясий кырдаалды талкуулады. Бул жолугушууга премьер-министр Садыр Жапаров келген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев «Азаттыкка» билдирди.

Эркебаевдин билдиргенине караганда, жолугушууда президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан парламенттик шайлоо өткөндөн кийин кетиши өлкөнүн туруктуулугу үчүн маанилүү экендиги белгиленди. «Жээнбеков Жапаровго «үч күндөн кийин кетем» деп айтпаганын бышыктады», - деди коомдук ишмер.

Маалыматка караганда жолугушууга Роза Отунбаева, Исмаил Исаков, Феликс Кулов, Сыртбай Мусаев баштаган ондон ашык коомдук-саясий ишмерлер катышты.

Ал эми премьер-министр Садыр Жапаров президент менен жолугушууга ден соолугуна байланыштуу бара албай калганын 15-октябрда "Азаттык" радиосуна Жапаровдун маалымат катчысы Дастан Дүйшөкеев билдирди жана жолугушуу качан болору белгисиз экенин айтты.

Буга чейин айрым маалымат булактары Бишкекте Жапаровдун президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу өтүп, ага бир катар саясий ишмерлер да катышып жатышканын кабарлашкан.

Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган эмес.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары 15-октябрда Садыр Жапаров менен Сооронбай Жээнбековдун сүйлөшүүсү уланып жатканын кабарлаган.

14-октябрда президент менен премьер-министрдин сүйлөшүүсүнөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп, президенттик шайлоо дайындалган соң кызматтан кетерин билдиргени тууралуу маалымат тараган.

Ошол эле учурда өкмөт башчы Садыр Жапаров жолугушуудан кийин Өкмөт Үйүнүн алдында чогулган тарапташтарынын алдына чыгып, «президент кетерин» билдирип, «эгер эртең да жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам» деп, тарапкерлерин 15-октябрда саат 11ге чейин тараткан.

Президент менен премьердин 14-октябрдагы кечки сүйлөшүүсүнө Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Курманкул Зулушев да барганы кабарланган.

Ушу тапта Бишкектин эки жеринде – Эски аянтта жана «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жанында мамлекет башчынын кызматтан кетишин талап кылган митингчилер топтолуп турат.

12:52 15.10.2020

Жээнбеков менен Жапаровдун сүйлөшүүсү уланып жатканы кабарланды

Бишкекте 15-октябрда прездент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү уланып жатканын «Азаттыкка» ишенимдүү булактар кабарлашты. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты бышыктай элек.

14-октябрдагы кечки сүйлөшүүдөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп, президенттик шайлоо дайындалган соң, кызматтан кетерин билдиргени тууралуу маалымат тараган.

Ошол эле учурда өкмөт башчы Садыр Жапаров жолугушуудан кийин Өкмөт Үйүнүн алдында чогулган тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөп, «президент кетерин» билдирип, «эгер эртең да жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам» деген.

Президент менен премьердин 14-октябрдагы кечки сүйлөшүүсүнө Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Курманкул Зулушев да барганы кабарланган.

Ушу тапта Бишкектин эки жеринде – Эски аянтта жана «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жанында мамлекет башчынын отставкасын талап кылган митингчилер топтолуп турат.

Буга чейин Жээнбеков менен Жапаровдун бетме-бет жолугушуусу 13-октябрда да өткөн.

11:10 15.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG