Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

01:53 15.10.2020

14-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайлап, өкмөттүн курамын жана түзүмүн жактырды. Удаа эле президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысын жана мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жаңы өкмөттүн иши, туруму жана шайлоонун айланасындагы талаш-тартыш азыр коомчулуктун көңүл чордонунда турат.

23:53 14.10.2020

Кыргызстандын президенти эл аралык коомчулуктун колдоосуна таянарын билдирүүдө

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эл аралык коомчулуктун жана кыргызстандыктардын колдоосуна таянат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева “Азаттыкка” билдирди.

“Бүгүн парламент өкмөттү бекитти. Президент ага кол коюп берди. Биз муну укук жолуна түшүүнүн бир кадамы деп баалайбыз. Белгилүү болгондой президент бүгүн эртең менен парламентке “Садыр Жапаровду бардык мыйзамдарды сактап, өкмөт башчы кылып шайлоо маселесин карап чыгуу сунушу менен кайрылды. Ал “өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана жаңы өкмөт башчыны башка мамлекеттер да таанышы үчүн бардык чечимдер легитимдүү, ал эми премьер-министр бардык мыйзамдарга ылайык бекитилиши зарылдыгын” айткан. Президенттин бул аракети өлкөнү мыйзам жолуна түшүрүүнү улантуу”, - деп жазылган билдирүүдө.

БУУ баштаган бир катар эл аралык уюмдар, АКШ, Британия өкмөттөрү жана Казакстандын президети Кыргызстандагы соңку кырдаалга кабатыр экенин билдирип, легитимдүү бийлик катары президент Сооронбай Жээнбековду тааный турганын, анын жана башка жарандык коомдун өлкөнү мыйзам жолуна салуу аракетин колдоого алышарын билдиришкен.

15-октябрда Кыргызстанга БУУнун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча өкүлү Наталья Герман келери кабарланган.

21:33 14.10.2020

Стамалиева: Президент парламенттик шайлоону өткөрүп коюп кетет

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кызматынан өлкөдө кырдаал турукташканда, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо жарыяланган соң гана кетерин билдирди:

«Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөштү. Жолугушууда премьер-министр «президент бүгүн кечинде кызматын тапшырышы керек» деген талабын койду. Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда мамлекет башчылыгын таштап келе албай турганын, бул өлкөгө зыяны тийүүчү күтүлбөстүктөргө алып келиши ыктымал экенин баса белгиледи».

Анын маалыматына караганда, Жээнбеков Жапаровго 9-октябрдагы сөзүндө турарын, президенттик кызматтан Кыргызстанда кырдаал туркташып, баары мыйзам жолуна кайткандан кийин - парламенттик шайлоону өткөрүп, жаңы президентти шайлоо жарыяланган соң гана кетерин билдирген.

Садыр Жапаровдун өкмөт аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаев жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалыматы жок экенин айтып, бардык маселе сүйлөшүү жолу аркылуу чечилиши зарыл экенин «Азаттыкка» билдирди.

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудан кийин Өкмөт Үйүнүн алдындагы митингчилердин алдына келип маалымат берди.

«Сүйлөшүүнүн акыркы учурлары калды. Эртең саат 11ге чейин суранып, силердин алдыңарга келдим. Сүйлөшүүлөр уланат. Ал кетет. Эртең саат 11ге чейин тарап бериңиздер. Эгер эртең да жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам», - деди Жапаров.

Митингчилер аны укпай, резиденцияга барууга чакырып атышат.

21:29 14.10.2020

Элдик кошуундун мүчөлөрү Бишкектин коопсуздугун чогуу коргоого чакырууда

Элдик кошуундар бирикмесинин төрагасы Данияр Тербишалиев шаар тургундарын Бишкектин коопсуздугун чогуу коргоого чакырды. Ал бул тууралуу 14-октябрда басма сөз жыйынында айтып, кырдаалды олку-солку кылууну көздөгөн топторго каршы бир муштум болуп чыгууга чакырды.

Тербишалиев саясий күчтөрдүн жетекчилерине кайрылып, саясий маданиятка ылайык сүйлөшүү жүргүзүүгө, талоончулук менен бүлдүрүүгө жол бербөөгө үндөдү.

«Коомдук тартипти бузбасаңар. Талап-тоноп, талкалоонун кереги жок, анткени анын баары элдики. Көпчүлүгү насыя акчага алынган, көп мээнет менен каражат сарпталган», - деди Тербишалиев.

Элдик кошуундун мүчөлөрү саясий лидерлерге кайрылып, тарапкерлерин көзөмөлгө алышын талап кылышты. Мындан тышкары шаардыктарды Бишкектин коопсуздугу үчүн кайдыгер болбой, түнкү күзөткө чыгууга үндөштү.

Элдик кошуун.
Элдик кошуун.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Бишкектин аймагына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 22:00-5:00 аралыгында коменданттык убакыт. Бул убакытта көчөдө жөө адамдар, автоунаалар, коомдук транспорт жүрбөшү керек.

Ушул тапта Өкмөт Үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги уланып жатат. Алар Жапаров келмейинче аянттан кетпей турганын билдиришүүдө. Милиция аларга саат 22:00дөн тартып, коменданттык убакыт башталарын эскертти. Ал эми «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында легитимдүү бийликти жактап өтүп жаткан митинг тараганы кабарланды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG