Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

21:27 14.10.2020

Садыр Жапаров: Канттагы авиабаза тууралуу келишим ошол бойдон калат

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрдагы басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусия менен мамиле кандай болоору тууралуу оюн айтты.

«Биздин стратегиялык эң негизги өнөктөш – бул Орусия. Анткени бизди көп нерсе байланыштырып турат. Андан ажырап кете албайбыз. Ал эми жолугушууларды азырынча пландай элекпиз. Эртең ишке киришсем белгилүү болот», - деди Жапаров.

Садыр Жапаров: «Орусиянын Канттагы аскердик авиабазасы тууралуу келишим кайра каралышы мүмкүнбү?» - деген суроого: «Жок, мурун кандай болсо, ошол бойдон калтырабыз», - деп жооп берди.

Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен Бишкекке келген анын администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолугушууда бүгүнкү кырдаалдан тынчтык жол менен, чатакка барбай чыгуу тууралуу маселе талкууланганын билдирди.

13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Козак менен жолугушкан. Ага Садыр Жапаров да катышкан. Президенттин сайтында жарыяланган маалыматта жыйында эмне жөнүндө сөз болгону айтылган эмес.

Орусиянын Канттагы аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат.

20:12 14.10.2020

Британия Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун аракетин колдойт

Британ өкмөтү бүгүн, 14-октябрь күнү Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал боюнча билдирүү жасады.

“Кыргызстандагы демократиялык процесстерди колдоо жана мыйзамдуулук эки тараптуу кызматташуунун негизи. Көптөгөн жылдардан бери Кыргызстан активдүү жарандык коому, демократиялык шайлоолору жана сөз эркиндиги менен аймакта өзгөчөлөнүп келген. Ага карабай, 4-октябрдагы шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнү нааразылык менен коштолду. Шайлоо жыйынтыгына нааразылыктын курчушу Кыргызстанда мыйзамды сактоо зарылчылыгын көрсөттү”, - деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары Британ өкмөтү президент Сооронбай Жээнбековдун, легитимдүү бийликтин жана жарандык коомдун кырдаалды демократиялык жол менен чечүү аракетин колдой турганын, бул алга жылуунун бекем пайдубалы болорун белгилеген.

Ошондой эле шайлоо жаранядары боюнча чечим да Кыргызстандын Баш мыйзамсына ылайык жүргүзүлүүсү керек деп жазылганю
Британ өкмөтү Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын тынч жол менен чечилиши тууралуу БУУнун Баш катчысынын билдирүүсүн кубаттап, бийликтин маселе чечүүдө БУУнун жана ЕККУнун эксперттери менен кызматташуусун колдоого аларын билдирген.

18:38 14.10.2020

Жаңы өкмөт башчы коррупцияны ашкерелеген журналисттерге колдоо көрсөтүү убадасын берди

Премьер-министр Садыр Жапаров коррупцияны ашкерелеген журналисттерге мамлекеттен колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Бүгүн, 14-октябрда өкмөт башчылык кызматка дайындалгандан кийинки алгачкы пресс-конференциясында кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып ал коррупция тууралуу жазгандардын жардамына муктаж экенин айтты:

“Мага жардамыңар керек болот коррупциялык элементтерди иликтеп чыксаңыздар. Бирок реалдуу түрдө, адилеттүүлүк менен. Эптеп эле бурмалап, жокту бар кылып койбостон, бардык фактылар менен алып келсеңиздер, маселени ачсаңыздар ал иликтөөсүз жана жазасыз калбайт. Сиздер, журналисттер көп нерсени билесиздер. Сөзсүз реакция кылам. Эгер өмүрүңөргө коркунуч болсо мамлекеттин эсебинен кайтаруучу бөлүп бергенге даярмын”.

Быйыл коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт.

Президент Жээнбеков быйыл 29-августта «Биринчи радиодогу» маегинде коррупцияга каршы күрөштө чоң же майда коррупция деп бөлүүгө болбой турганын, ууруга уурудай мамиле кылыш керек экенин белгилеген.

Коомчулукта өлкө жетекчилигинин жемкорлукка каршы күрөш тууралуу айткандары ишке ашпай жатканы жөнүндө пикирлер айтылып келатат.

18:37 14.10.2020

Касымалиева Садыр Жапаровго: бир да жолу тарапташтарыңызды тынчтандырып койгон жоксуз

Жогорку Кеңештин 14-октябрда Садыр Жапаровду премьер-министр катары жана өкмөттүн курамы менен программасын бекиткен чукул жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева митингчилерден келген коркутуп-үркүтүү тууралуу айтты. Ал Жапаровго кайрылып, аны сындагандарды коркуткандарды тыюуга чакырды:

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

«Түнү менен эч ким уктаган жок. Сиздин тарапташтарыңыз «үйдү өрттөйбүз, башын жанчыйбыз» деген маселелер болду. Менден эле эмес, башкалардан да дооматтар айтылды. Сиз бир да жолу чыгып, тарапташтарыңызды тынчтандырып, агрессияны жоюп, аларга кайрылып койгон жоксуз. Эмнеге? Бул чочулатат. Бул жакка келгенде биз «легитимсиз жыйын» дегенде эл менен кеңешпей туруп Баш мыйзамга каршы сөздөрдү айттыңыз. Бул да бир эле мени вице-спикер катары эмес, эл аралык коомчулукту жана мыйзам чегинде жашагандардын баарын чоочутат».

Депутат ошондой эле парламенттин 10-октябрдагы кезексиз жыйынын токтомуна кол коюудан баш тарткан аппараттын юристтерине үйүнө чейин барып коркуткандар болгонун маалымдады. Касымалиева муну такташ үчүн укук коргоо органдарына тапшырма берүүнү өтүндү. Ал парламент аппаратына мындай басым кылуу жарабай турганын айтты.

Садыр Жапаров берген жообунда өзүнө каршы күчтөр иштеп, жаманатты кылып жатканын билдирди.

«Эл «адилетсиз шайлоо болду, коррупция күчөп кетти» деп талап кылган. Шайлоонун кесепетинен болуп атпайбы. «Президент кетсин» деп чыгып атышат. Мен «мындай болуп атат» деп элге кайрылсам, эл ого бетер көтөрүлүп, коомдук-саясий абал ого бетер курчуп кетмек. Анда мен ачыгын айтышым керек болот. «Биринчи макулдашып алып, эми баш тартып атат» деген сөздөр айтылып, балким ашыкча сөз чыгып кетеби деп унчукпай отурдум», - деди Жапаров.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG