Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

18:35 14.10.2020

«Ысык-Көл» мейманканасынын алдында легитимдүү бийлик үчүн митинг өтүп жатат

Бүгүн, 14-октябрь күнү түштөн кийин Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын жанында чогулган адамдар митинг өткөрүп, легитимдүү бийликти колдоо үчүн келишкенин билдиришти.
Алар президент Сооронбай Жээнбековду легитимдүү мамлекет башчы, ал эми Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары колдой турганын айтып жатышат.

Бишкек комендатурасы кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбековдун экинчи жарлыгы менен 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизилген. Анын талаптарына ылайык шаарда массалык иш-чараларды, пикет-митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган.

14-октябрда Өкмөт Үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапташтары да митинг өткөрүп жатышат. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда.

Мурдагы депутат, 6-октябрда тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалды. Буга чейин ал президент менен жолукканын, Жээнбеков абал турукташса кызматтан кетүүгө даяр экенин билдиргенин айткан.

17:56 14.10.2020

Коопсуздук жана эл аралык байланыштар боюнча эксперт Таалатбек Масадыков Кыргызстандагы окуяларга өз баасын берди. Анын айтымында, тараптар сүйлөшүүлөрдү баштап, ал эми коомчулук муну түз ободо көрүп турууга тийиш.

17:42 14.10.2020

Жогорку Кеңештин комитетинде шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунушту кароо боюнча демилгеге байланыштуу чыр чыкты. «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов сунушу каралбай калганы үчүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбековду айыптады. Эки депутаттын ортосунда чыр чыгып, аларды башка депутаттар ажыратып калганына журналисттер күбө болушту. Окуядан кийин Сулайманов менен Керезбеков журналисттерге комментарий беришти.

17:38 14.10.2020

Садыр Жапаров: өкмөт курамы шашылыш түзүлүп калды

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрдагы басма сөз жыйында өкмөттүн курамы жана андагы аялдардын орду тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өкмөттүн курамы шашылыш куралганын билдирди:

"Өкмөттүн курамы эртең менен шашылыш түрдө куралды. Бир-эки ай ичинде кайра карап чыгып, бардык тармактардан карап, өзгөртүү киргизебиз. Сөзсүз түрдө аялдарды кошобуз. 30 пайыз аял болуш керек. Анан жаштардан тартабыз. Аны карайбыз. Өзүңөр көрүп атасыңар, акыбал ушундай болуп турат. Мага парламенттин кезексиз жыйыны болот деп түнкү саат 12:00-1:00де айтышты. Аппарат 8:00де ишке чыкты", - деди Жапаров.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылган.

Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып өкмөттүн курамында 15-20% өзгөрүү болгонун билдирип, тизмесин жарыялады.

Өкмөттүн жаңы курамында мурдагы экономика министри Артем Новиков биринчи вице-премьерликке, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматтарга көрсөтүлгөн.

Бактыбек Аманбаев өкмөттүн аппарат жетекчиси, Кыялбек Мукашев Финансы министрлиги, Бакыт Бердалиев Транспорт жана жол министрлиги, Марат Жаманкулов Юстиция министрлиги, Руслан Казакпаев Тышкы иштер министрлиги, Улан Ниязбеков Ички иштер министрлиги, Бообек Ажыкеев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлиги, Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлиги, Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетине жетекчи болушту.

Ал эми калган мекемелердин буга чейинки жетекчилери ордунда калды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG