Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

17:35 14.10.2020

Жапаров: Атамбаевди мен эмес, президентке баш ийген органдар камады

Премьер-министр Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын кайра камалышына тиешеси жок экенин билдирди. 14-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып өкмөт башчы аларды президентке баш ийген мекемелер камаганын айтты жана саясий куугунтуктоо болбой турганын белгиледи:

“Мен өзүм сегиз жылдан бери саясий куугунтукта жүргөн адам катары мындай куугунтук болбойт деп сөз бере алам. Бир эмес, эки жолу камалып чыктым. Үй-бүлөм, бала-чакам, бир туугандарым запкы жешти. А эгер кандайдыр бир экономикалык кылмыштар менен мамлекетке зыян келтирген болсо, анда башка иш. Мен соттордун, прокуратуранын ишине кийлигише албайм. Эгер ошолор камаган болсо, мен сөзсүз сурап, тактап, эл-журтка так маалымат жеткирип турам. Мен Атамбаевдерди каматкан жокмун. Укугум да жок каматканга. Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлектетик комитет (УКМК) президентке баш ийет. Ошол жак камады. Менин ага тиешем жок”.

Атамбаев да, Жапаров да 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциясы учурундагы башаламандыкта абактан чыгышкан. Атамбаев жана анын айрым тарапкерлери 10-октябрда кайра камалган. Жапаров бүгүн 14-октябрда өкмөт башчылыкка дайындалды.

17:27 14.10.2020

Президент жаңы дайындалган өкмөт башчы жана парламент төрагасы менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңеш төрагасы Канатбек Исаев жана өлкөнүн премьер-министри Садыр Жапаров менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Жээнбеков аларды кызматка дайындалышы менен куттуктады. Иштерине ийгилик каалап, жаратман ишмердүүлүгү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине бекем ишенерин айтты. Коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна жана күз-кыш мезгилине даярдык маселелери курч тургандыгын баса белгиледи. Экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери жана башкалар камтылган өлкөнү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды да иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

Президент өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экенин айтты.

Мурдагы депутат, 6-октябрда тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров бүгүн премьер-министр болуп дайындалды. Буга чейин ал президент менен жолукканын, Жээнбеков абал турукташса кызматтан кетүүгө даяр экенин билдиргенин айткан.

Канатбек Исаев парламент төрагасы болуп 13-октябрда шайланган.

17:11 14.10.2020

Жапаров: Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен деген маалымат бар

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен деген маалымат бар. Бул тууралуу 14-октябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып премьер-министр Садыр Жапаров билдирди:

“Матраимов боюнча менде маалымат жок. Такталбаган маалымат боюнча, ал өлкөдөн чыгып кетти деп жатышат. Эртеси эле күнү чыгып кетти деп мага маалымат беришкен. Мен билбейм. Аны Чек ара кызматы билиши керек. Расмий эмес, мындай чыгып кеткен деп жатышат”.

Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңген төрт партиянын ичинен экинчи орунга чыккан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы Матраимовдордун колдоосу менен шайлоого барганы белгилүү.

17:01 14.10.2020

Жапаров: Жээнбековго отставкага кетип, экс бойдон калуусун сунуш кылам

Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдында акцияга чыккандардын президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсү тууралуу талаптары мамлекет башчынын өзү менен талкууланат.

Бул тууралуу 14-октябрда премьер-министр болуп бекитилген Садыр Жапаров журналисттердин “Сиз тарапташтарыңыздын президенттин отставкасы боюнча талабын колдойсузбу?” деген суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты:

“Тарапташтарымды мен чакырган жокмун. Алар менин эле тарапташтарым эмес. Бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиздер болот. Бүткүл кыргызстандыктардын талабы – президент кетсин, шайлоо жокко чыксын деп келип жатышат. Анан, үчүнчү талабы – Садыр Жапаровду отургузуп келели деген талап менен чыгышкан. Мен бүгүн президентке жолугам. Бул маселени чечебиз. Бүгүн аягына чыгарабыз. Мындан ары туруктуулук болушу керек. Менин оюмча, эң биринчи келишимге келишибиз керек. Ал мыйзамдуу жолго салынгандан кийин арызын жазып кетерин, экс бойдон каларын айткан. Мен ошол чечимди сунуш кылам. Кандай кабыл алат, өзүнүн иши”.

Мурдагы депутат, 6-октябрда абактан чыккан Садыр Жапаров бүгүн премьер-министр болуп дайындалды. Буга чейин ал президент менен жолукканын, Жээнбеков абал турукташса отставкага кетүүгө даяр экенин билдиргенин айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG