Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Кашмирде кырдаал курчуду


Пакистандын аба күчтөрү атып түшүргөн учактын калдыгы, Кашмир, 27-февраль 2019-жыл.
Пакистандын аба күчтөрү атып түшүргөн учактын калдыгы, Кашмир, 27-февраль 2019-жыл.

Пакистан бул аймакта Индиянын эки аскердик учагын атып түшүргөнүн, эки учкучун кармаганын билдирди. Бир күн мурда Индиянын аба күчтөрү Пакистандын аймагындагы "террорчулардын лагерине" сокку урганын жар салган эле.

Расмий Исламабад маалымдагандай, Индиянын аскердик учактары шаршемби күнү Кашмирди экиге бөлүп турган чек ара тилкесинен учуп өтүп, Пакистандын аба мейкиндигине киргенде атып түшүрүлгөн.

Эки учактын бири Кашмирдин Исламабадга баш ийген аймагына, экинчиси Индияга караштуу бөлүгүнө кыйрап түшкөн.

Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү Асиф Гафоор колго түшкөн эки учкучтун бири ооруканага жаткырылып, экинчиси камалганын "Твиттерге" жазды. Бирок "Reuters" агенттиги учактагы эки учкуч мерт болгонун, кыйроо маалында бир жайкын тургундун өмүрү кыйылганын өз булактарына таянып кабарлап жатат.

Расмий Нью-Дели азырынча Пакистандын учактарды атып түшүргөнү тууралуу билдирүүсүн ырастай элек. Ошол эле учурда Индиянын маалымат каражаттары өлкөнүн аба күчтөрү Пакистанга таандык F-16 аскердик учагын атып түшүргөнүн билдиришүүдө.

Кашмирдин учак кыйрап түшкөн бөлүгү, 27-февраль 2019-жыл.
Кашмирдин учак кыйрап түшкөн бөлүгү, 27-февраль 2019-жыл.

Кантсе да бул окуя Индия Пакистандын аймагындагы "террорчулардын лагерине" сокку урганын жарыялагандан бир күн өткөндөн кийин орун алды. Пакистан Нью-Делинин мындай кадамына жооп кайтарууну убада кылган эле.

- Эми Индия биздин жоопту күтүшү керек. Биз мындай жооптуу өзүбүз тандаган учурда жана аймакта жасайбыз. Чынында жарандык армиянын жетекчилиги бул боюнча чечимин чыгарды. Эми силер күтүп, биздин сюрпризге даяр болушуңар керек,- деп эскерткен бир күн мурда Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү Асиф Гафоор.

Индия менен Пакистан Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын талашып келет. Кашмир кошуналар ортосунда бөлүнгөнү менен ар бири ал жерди толугу менен өзүнүкү деп эсептейт. Эки өлкө эгемендик алгандан бери Кашмир үчүн кеминде эки жолу согушкан.

Соңку чыңалууга 14-февралда Кашмирдин Индия башкарган аймагында 40тан ашык полициячынын өмүрүн алган жанкечти жардыруусу себеп болду. Нью-Дели бул чабуулга жоопкерчилик алган «Жаиш-е-Мухаммад» тобун "калкалап жатат" деп Пакистанды айыптап, бир күн мурдагы аба соккулары негиздүү болгонун билдирип жатат.

Индиянын Пакистандын Балакот аймагындагы жоочуларды бутага алган бул операциясы 1971-жылдагы акыркы согуштан берки чек ара тилкесин кесип өткөн алгачкы аба соккулары деп мүнөздөлүүдө.

- Пакистан өз аймагында террордук топ бар экенин мойнуна алуудан жана аларга каршы аракет көрүүдөн баш тартып жаткан шартта, ошондой эле «Жаиш-е-Мухаммад» тобу Индиянын түрдүү аймактарында башка чабуулдарды пландап жатканы тууралуу ынанымдуу маалыматтар чыгып жаткан чакта Нью-Дели алдын алуучу чара көрүүнү чечти. Индия кырдаалдын мындан ары чыңалуусун калабайт. Индия жоопкерчиликтин чегинде, өзүн кармануу менен иш алып барат, - деп билдирди учурда Кытайда жүргөн Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараж.

Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндөгү жанкечти жардыруусу, 14-февраль 2019-жыл.
Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндөгү жанкечти жардыруусу, 14-февраль 2019-жыл.

Бирок Исламабад Нью-Делинин дооматтарын негизсиз экенин билдирип, Индиянын 26-февралдагы аба соккуларынан жоон топ террорчулар мерт болгону тууралуу кабарларды четке кагууда.

Кашмирде кырдаал курчугандыктан Пакистандын Жарандык авиациясы өлкөнүн аба мейкиндигин коммерциялык каттамдар үчүн убактылуу жапканы белгилүү болду. Индиянын бийлиги да өлкөнүн түндүгүндөгү жана Кашмирдеги бир нече аэропортту жапканы кабарланып жатат.

Шаршемби күнү Пакистандын премьер-министри Имран Хан элге кайрылуу жасаганы турат.

АКШ, Евробиримдик жана Кытай эки тарапты сабырдуулукка чакырып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG