“Азаттык”: Оштун мэринин жаңы программасы менен тааныштыңызбы? Кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?
Эркин Абдразаков: Бул программа буга чейин бир нече жолу талкууланган. Өзгөчөлүгү анча деле байкалбайт. Чындыгын айтканда, 2014-жылы биринчи жолу сунушталып, андан кийин толук жактырылбай, өтпөй калган болчу.
“Азаттык”: Программада кайсы маселелер эске алынган эмес?
Эркин Абдразаков: Менин оюмча, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки багыты камтылышы керек эле. Экинчи маселе, мэр өзү Улуу жибек жолуна кирген шаарлар аралык жыйындарга катышып келди. Алардын тажрыйбасын колдонсо болмок. Депуттаттык корпус да бул программанын үстүнөн 4-5 айдан бери иштеп жатат. Андыктан Ош шаарынын калкы менен биргелешип, өзгөртүү-толуктоолорду киргизиш керек болчу. Мындан тышкары эң маанилүү нерсе унутта калгандай. Буга чейин шаардын башкы архитектуралык планы бекитилбеди беле. Ага ылайык, Оштун архитектурасы чыгыш колоритине жооп бербейт дешип, оңдой турганын билдиришкен. Бирок документтен ал маселелерди көргөн жокмун. Программанын аткарылышына 11 миллиард сомдун тегерегинде каражат жумшалат деп боолгоп жатат. Анткен менен каржы булактарын кай жактан алынары так жазылган эмес. Инвесторлорду тартып, элге жумуш орун түзүп бербегенден кийин ар кайсыны айта бериштин кажети жок. Башкысы шаардыктарга ыңгайлуу, коопсуз шарт түзүп берүү. Акыйкат үчүн айта кетпесем болбойт, азыркы кезде тазалыкка, сейил бактарды көрктөндүрүү маселесине көңүл бөлүнүп, көпүрөлөр курулуп жатат.
“Азаттык”: Эки жылдан бери Ош өнүктүбү? Чечүүгө муктаж кайсы маселелер бар?
Эркин Абдразаков: Ош шаары өнүгүүдө десек болот. Бирок тышкы көрүнүшү көз жаздымда калууда. Курулуп жаткан үйлөр ушул кезге чейин толук бүтө элек. Бир типтеги эле үйлөр салынууда. Жаңы колоритте Оштун жүзүн ача турган архитектуралык курулуштар дээрлик жокко эсе.
Ал эми чечилбей жаткан маселелер тууралуу айтсак, калааны суу менен камсыздоодо көйгөй бар. Жаңы конуштарда, маселен Катта-Сай массивинде жер маселелери чечилбей турат. Кара-Суу районуна, Араван районуна караштуу жерлер деле ошол боюнча калып калды. Муну өкмөттүк дэңгээлде чечүү маселеси колго алына элек.