АКШ президенти Жо Байден Мамлекеттик департаменттин кызматкерлеринин алдында чыгып сүйлөөдө. Вашингтон. 2021-жылдын 4-февралы.
СүрөтTom Brenner (Reuters)
Байден: «Навальный дароо жана эч шартсыз бошотулууга тийиш»
АКШ президенти Жо Байден Мамлекеттик департаменттин кызматкерлеринин алдына чыгып сүйлөп, Алексей Навальныйды Кремль дароо боштондукка чыгарышы керек деген талабын билдирди.
АКШ президенти Жо Байден 4-февралда өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде – АКШнын Мамлекеттик департаментинде болду. Ал өлкөнүн тышкы саясатынын өзөктүү багыттары тууралуу сөз сүйлөдү.
Ал демократияны коргоо үчүн күрөштө дүйнөнү бириктирүү жаатындагы АКШнын ролун баса белгиледи.
Президент Байден өз сөзүндө Орусияны өзгөчө эскерип, эл аралык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо жолундагы маанилүү реалдуу кадам – стратегиялык өзөктүк куралды кыскартуу боюнча АКШ-Орусия келишиминин - СТАРТ-3түн дагы беш жылга узартылышы болгонун айтты.
Бирок Жо Байден "Кошмо Штаттарынын жаңы өкмөтү Орусиянын эл аралык чөйрөдөгү зыяндуу иш-аракеттерин жана эл аралык милдеттенмелерди аткарбай жаткандыгын, анын ичинде адам укуктары жаатындагы мыйзам бузууларга жол коюп келгендигин эч натыйжасыз калтырып салбайт" деп баса белгиледи.
Байден дагы бир жолу расмий Кремлди орус оппозициясынын азыркы лидери Алексей Навальныйды "токтоосуз жана шартсыз" түрдө абактан бошотууга чакырды.
"Навальный мырза, Орусиянын бардык жарандары сыяктуу эле, Орусиянын Баш мыйзамына ылайык өзүнүн укуктарына ээ. Ал жемкорлукту ачыкка чыгаргандыгы үчүн бутага алынган. Ал токтоосуз жана эч кандай шарт койбостон бошотулууга тийиш", – деди Байден.
Алексей Навальный Москвадагы сот жүрүмү маалында. 2021-жылдын 2-февралы.
2-февралда Москва соту Алексей Навальныйды шарттуу абак жазасынын эрежелерин бузду деп айыптап, дээрлик үч жылга жакын мөөнөткө эркинен ажыраткан. Навальный былтыр августта Томск шаарында тымызын ууландырылып, ал түшкөн учак Омск шаарына шашылыш кондурулган. Комага түшкөн Навальныйды атайын учак менен Омск шаарынан Берлинге жеткиришип, анын өмүрүн сактап калышкан.
Путиндин Геленжиктеги ажайып хан сарайы: Сүрөт баян
1/20Сүрөттөгү бул ак сарай Орусиянын курорттук шаары деп саналган Геленжиктен 18 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
2/20Алексей Навальныйдын айтымында, ак сарай турган жер Орусиянын федералдык коопсуздук кызматына таандык. Аталган мекеме бул жерди "изилдөө жана билим берүү" үчүн колдоноорун билдирген.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
3/20Навальныйдын билдиришинче, жашыл талаанын жана тик учак коно турган жайдын астында хоккей аянтчасы бар.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
4/20Навальный бул объекттин курулуш пландарын ачыкка чыгарганын айтууда. Долбоордо бул имарат "аква дискотека" (б.а. "суу дискотекасы") деп белгиленген.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
5/20Жээкке жакын жерде жайгашкан курулушу бүтө элек амфитеатр.
Мында курулуш иштери акыркы 15 жылдан бери уланып келет.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
6/20Хоккей аянтчасы деп божомолдонгон жайдын бийиктиктен көрүнүшү. Ал эми тик учак коно турган жайдын айланасындагы чакан үйлөр куруучулардын жашап туруусу үчүн убактылуу курулган үйлөр экени айтылууда.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
7/20Бул жерде жашыл чатыр менен кооздолгон чиркөө турат. Навальныйдын айтымында, бул жер Орусиядагы "эң жашыруун жана тыкыр көзөмөлдөнүүчү жай" болуп саналат.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
8/20Ак сарайдын оранжереясы. Бул ак сарайдын үстүнөн учак менен учуп өтүүгө тыюу салынган. Ал эми ак сарайга жакын жээктен сүзүп өтө турган кемелер эки чакырымдан алыс аралыкта айланып өтүшү зарыл.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
9/20Ак сарайдан он чакырым алыстыкта жүзүм багы бар кооз дагы бир ак сарай жайгашкан.
Бул үй Путин менен жакын байланышта болгон адамга таандык экени айтылууда.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
10/20Жүзүм багы бар ак сарай (сүрөттө сол жакта турат). Бул жерде жасалган шарап Кремлдеги расмий кабылдамаларда конокторго сунушталат.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
11/20Дрондон тартылган бул кадрлардан сырткары Навальныйдын тобу резиденциянын ички көрүнүшүнүн шөкөттөлгөн сүрөттөрүн жасаган. Ал сүрөттөр интернетке чыккан видеолордун жана ак сарай үчүн буюртма берилген баалуу италиялык эмеректердин маалыматтарынын негизинде түзүлгөн.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
12/20Бул - театрдын санариптештирилген көрүнүшү.
Навальныйдын айтымында, бул мисал сүрөттөр чыныгы бөлмөлөрдүн көрүнүшүнөн бир топ айырмаланышы мүмкүн.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
13/20Театрдын көрүүчүлөр үчүн арналган бөлүгүнүн санариптештирилген көрүнүшү.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
14/20Бул сүрөт курулуш учурунда бир куруучу тартып алган сүрөттүн негизинде шөкөттөлүп берилген.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
15/20Ак сарайдагы мрамор менен төшөлгөн бар. Мисал сүрөт. Ак сарайга эмеректер Италиянын кымбат бренддеринен сатылып алынганы айтылат.
Италиянын эмерек жасаган айрым бренддери өтө эксклюзивдүү товар сунуштагандыктан, андайлардын каталогдорун көрүү үчүн айрым кардарлар каталогдун өзүн атайын буюртма менен кымбат баага алдырышат.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
16/20Бул бөлмөдө атайын бийлөөчү аянтча бар. Мисал сүрөт.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
17/20Ак сарайдын курулуш планына кирген казинонун көрүнүшү.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
18/20Путиндин бөлмөсүнүн көрүнүшү.
Сол жактагы бурчта турган гимнастикалык шаймандар көпчүлүк "Путиндин аялы" деп жүргөн гимнастчы Алина Кабаевага даана ишаара кылып турат.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
19/20Негизги имараттын түндүк тарабында, тогуз чакырым аралыкта экинчи жүзүмдүк багы отургузулган.
2017-жылы жергиликтүү эколог бул аймактагы токойдун мыйзамсыз кыйылып жатканын иликтеп жатканда, белгисиз кишилер тарабынан ырайымсыздык менен токмоктолгону кабарланган.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
20/20Экинчи жүзүм бактын жанында жайгашкан православ чиркөөсү. Бул чиркөөнүн ар бир кирпичи атайын Грекиядан алынып келингени айтылат.
Алексей Навальный жана анын тобу даярдаган бул сүрөттөр жана видео 19-январда жарыяланды. Тасмадагы «Геленжиктин жанында президент Владимир Путинге мыйзамсыз каражат аркылуу аксарай курулган» деген доону расмий Кремлдин өкүлү жалаа катары четке какты.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык бир басылмага «бул - баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз», - деп жооп берди.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
Артка
Алдыга
«Новичок» уулуу заты менен оппозициячыл саясатчыны ууландыруу аракетин орус коопсуздук кызматкерлери Кремлдин тымызын көрсөтмөсү менен жүзөгө ашыргандыгы ачыкка чыкканына карабастан, Кремль бул фактты четке кагып келет.
Орус бийликтери Навальный ууландырылгандан кийинки Германияда дарыланган жана саламаттыгын чыңдаган учурун «шарттуу жазага кабылган айыпкер өз учурунда катталып турушу керектиги тууралуу эрежени бузду» деген доо үчүн пайдаланды.
Өткөн айда Орусиянын бир нече ондогон шаарларында Навальныйды колдогон ири нааразылык чаралары уюштурулуп, бул жыйындар миңдеген кишилердин камакка алынышы жана ур-токмокко кириптер болушу менен коштолду.
Президент Байден Орусиянын «ашынган аракеттери үчүн», анын ичинде өз жарандарын ууландырган жоруктары үчүн бул өлкөгө карата тиешелүү чараларга АКШ эч тартынбастан бара ала турганын таасын белгиледи.
Бир күн мурда АКШнын сенаторлорунун атаандаш эки партиядан тең куралган тобу Навальныйдын ууландырылышына катыштыгы бар деп табылган айрым орус төбөлдөрүнө чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан.
Мыйзам долбоору Байдендин администрациясына расмий Кремль АКШнын химиялык жана биологиялык куралдарды колдонууга тыюу салган мыйзамдарын бузган же бузбагандыгын аныктоого багыттама берген.