Турфирмалар 1-3 же 1-4 деген багыттарды тагыраагы, бир күндүн ичинде үч-төрт ажайып жерди көрүп келүү мүмкүнчүлүгүн сунушташууда. Мындай турдун баасы 800 сомдон башталат. Кышында эң популярдуу багыт – тоңуп калган Ара-Көл, Орто-Токой суу сактагычы жана Көк-Мойнок каньону.
Тоңгон көлдүн балыгы, сепилге окшош каньон
Кыргызстанда ички туризм өнүгүүдө.

1
Орто-Токой суу сактагычы 1956-жылы салынган. Орто-Токой - Кыргызстанда салынган эң биринчи суу сактагыч.

2
Орто-Токой суу сактагычына Чүй дарыясы куят. Узундугу 18 километр чамасында, суу көлөмү 4700 миллион куб метр.

3
Күн сууктаганда суу сактагыч тоңуп, жылгаякка айланат.

4
Муз калың болгону менен, кээде буттун алдында карсылдап сынып, жүрөктү түшүрөт.

5
Муздун бети түз жана жылмакай. Коньки ала келгендер жыргашат. (Бирок абайлоо кажет, кимдир-бирөө жээк толтура таш ыргытып салыптыр).

6
Сапарга жылуу кийим, моюн орогуч, антисептик жана беткап, кубатталган телефон менен чыгуу сунушталат.

7
Суу сактагычтын жээктен көрүнүшү.

8
Муз үстүндө соккон Улан шамалы жүлүнгө жетет.

9
Жайкысын суу сактагыч түркүн түскө боёлот: Кээ бир жери кочкул көк, кай бир жери ачык жашыл же күрөң көрүнөт.

10
Ара-Көл. Бул көл Кочкор районунда райборбордон 30 чакырымдай алыс жайгашкан.

11
Кышкысын көлдүн бети тоңуп калат.

12
Бизди коштоп жүргөн гиддин айтымында, муздун калыңдыгы 60 сантиметр. Ал киши эмес жеңил автоунааны деле көтөрөт.

13
Мотоциклчен киши туристтерди чанага салып, муз үстүндө сүйрөп жүрөт.

14

15
Көлдүн бир бөлүгүн жергиликтүү жашоочулар ээлеп алган. Алар коньки же чана ижарага берип акча табышат.

16
Чана тепкен бала.

17
Ат минесизби? Ал да бар! Бул жигитеррге акчасын төлөсөңүз, атынан түшө калып тизгинди карматат.

18
Ара-Көлдө сига балыгы бар.

19
Бул байкелер кышкы балык уулоого катуу даярдык менен келишиптир.

20