Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:47

Сынактын жыйынтыгы


Урматтуу биздин сынакка катышкан бардык жаш окурман/угармандар!

Онлайн сынакка абдан көп материалдар келгендиктен, калыстар тобу баарын окуп чыгып, талкуулап чечим чыгарганга убакыт талап кылынды. Далай материалдар абдан мыкты жазылганы менен, ой жүгүртүү, анализдөө стили автордун өзү жазганынан күмөн санаткан учурлар болду. Талкуулап кеңешип отуруп, 25 миң сомдук эки башкы сыйлыкты төмөнкү эки авторго ыйгардык:

Жаркынай Талантбек кызы, Ысык-Ата району, Нурманбет айылы. Макиш Койбагаров атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү: "Бөбөктөргө мээрим төксөм дейм, апа..."

Бегимай Матенова, Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин бүтүрүүчүсү: "Топсуз келечегимди элестете албай калдым"

Мындан тышкары болочок кесибине берилгенин, көптөн бери ага даярданып, окуп такшалып жүргөнүн баяндаган үч автор 5 миң сомдук кызыктыруучу белек менен сыйланат:

Фарух Махмудов, Герман Гмайнер атындагы УВК SOS мектебинин бүтүрүүчүсү: "Решено, буду хореографом"

Агроном болгусу келген Нурбакыт Шеримбеков, Каракол шаарынын №11 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү: "Мекeнимдин айыл чарбасын көтөрөм"

Бермет Сапарбек кызы, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү: "Кыргыз тилин сүйүп окуйм"

Сыйлыктар Бишкектеги бюродо 14-август күнү түшкү саат 2де ыйгарылат. Байланыш телефонубуз: +996 550 680 655; +996 550 988 755

Cынактын бардык материалдары менен бул жерден тааныша аласыз.
XS
SM
MD
LG