Апа! Буюрса, бүгүнкү өткөн күнүмдү да күндөлүгүмө жазып бүттүм окшойт... Күндөлүккө башымдан өткөн-кеткенди чып-чыргасын коротпой жазчу болдум акыркы күндөрү.
Күндүз эле ойлонуп баштайм, эмне жазаарымды, кечти күтөм.. Жазып бүткөн соң, ал тургай, ката жокпу деп дагы бир ирет текшерип чыгам, каталарымды кудум сиз окуп алып кейичүдөй сезем.. Кагылайын апакем менин, бүтүрүү кечесинде сиздин жоктугуңузду өзгөчө сездим мен. Ичим эңшерилип, мына өзүмдү кое берсем эле буурчактап төгүлчүдөй жашты араң кармап турдум. "Мен дүйнөнү апам менен таанысам" деген ырды кечеде ырдагым келди, бирок ашыкча көңүлдүбү же элдин мага карата аёосунбу каалаган жокмун, акыры ырдаган жокмун бул ырды.
Апа, ошентип мектепти дагы аяктадым, балалыгым эми чындап артта калды окшойт. Бирок ойлосом, тагдырдын жазмышы менен менин балалыгым атам экөөңүз менен кошо кетсе керек... Таянар тирегим, аска-зоом силер менен кулады.
Өткөндө Салия эжекем кыжаалат болуп, жаңы төрөлгөн музоосун базарга алып барып сатып келиптир. Апа, ошондо ыйлаганымды көрсөң, көзүм соолуп калабы дедим.. Апасынан айрылып, эмчек эмбей калган кичинекей музоону аяп, аркасынан издеп барып, кайра энесине алып келгим келди! Канча күн өзүмө келе албай жүрдүм, өзүмдү ошол музоого окшоштуруп, силерден ажырап, эмчек издеген музоодой жалдыраган күндөрүмдү эстеп алып өзүмө ээ боло албай ыйлай бердим, ыйлай бердим, ошентип бугумду да чыгарып алдым окшойт.
Эми апа, мен чоң турмушка аттанып отурам. Азыр сен экөөбүз отуруп алып кеңешип, жетелешип алып борборго барып, окуу тандасак гана ээ?! Бардыгын берет элем мен бул үчүн.
Келечекте ким болсом деп көпкө ойлондум, апа. Догдур болуп бейтаптарды айыктыргым келди. Бирок өмүр-өлүм менен алпурушканга жүрөгүм чыдабайт го дедим.
Экономист болсомбу дедим, бирок, чынын айтсам, сан, математикага жокмун, апа. Акыры ойлонуп, баштапкы класстын мугалими болууну чечтим. Бул чечимге да, апа, өзүң жок болсоң дагы баары бир түрткү болдуң.
Эне мээримине тойбой, ата-энемдин көзүн бир көрүүгө зар болгон жаным, бул боштукту өзүм бөбөктөргө мээримимди төгүп толтургум келди. Өмүрүмдү бөбөктөргө арнайын деп чечтим.
Жогорку окуу жайына тапшыра албай калсам, алгач колледжге эле барайын деп ойлоп жатам, кийин улантып алам окууну. Буюрса, апа, мугалим деген ардактуу кесиптин ээси болом келечекте. Тиги дүйнөдөн да ошондо маңдайын жарыла кубанаарсың атам экөөң. Мен бардыгына жетишем, апа!
Жаркынай Талантбек кызы. Ысык-Ата району, Нурманбет айылы. Макиш Койбагаров атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү.