Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Он бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

17:08 12.3.2024

“Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков 12-мартта үй камагына чыкты. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, сотко журналисттин ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү жана шектүүнүн адвокаты берген.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

7-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Ал жолугушууда камактагы 11 журналистти үй камагына чыгаруу маселеси да көтөрүлгөн.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

17:23 12.3.2024

Камакка алынган журналисттердин бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралууда. "Кактус Медианын" видеосу.

17:28 12.3.2024

18:16 12.3.2024

Рита Карасартова: Азыр Айке Бейшекееванын иши каралды, тергөөчү менен прокурор Айкеге бөгөт коюу чарасын 13-майга чейин узартып берүүнү сурашты. Камакта узартууга жүйөлүү себептер деле жок. Айкенин тек-жайы аныкталган, КР жараны, туруктуу жашаган жери бар, мындан мурда жоопкерчиликке тартылган эмес. "Тергөө аяктай элек, дагы убакыт керек" дегенден башка эч нерсе айтылган жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG