Бишкек шаардык соту "Темиров Live" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Чечим 5-февралда чыгарылды.
Ушул эле сотто "Темиров Live" каналынын мурдагы журналисти, "Алга медиа" каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровдун да кармалышы мыйзамдуу деп табылды. Капаров өзүнө коюлган айыпты "абсурд" деп атады.
Ушул тапта сотто башка журналисттердин иши каралууда.
16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.
Милиция алар “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кармалганын билдирген. Журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгон.
“Темиров LIVE” каналын Кыргызстандан күч мен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров негиздеген. Махабат Тажибек кызы анын жубайы.
Кармалган журналисттер кимдер?
16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды 48 саатка камады. Камалгандардын эң улуусу 52 жашта болсо, кичүүсү 23тө.
Махабат Тажыбек кызы - Иликтөөчү журналист, “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы. Ал акыркы кезде өзү да видео материалдарды даярдап жүргөн.
Махабат Тажыбек кызы буга чейин да “Арча медиа” YouTube каналындагы маегине байланыштуу сурак берген. Буга журналист Кундуз Жолдубаеванын “Арча медиадагы” эфирлеринин бирине катышкан Махабат Тажыбек кызынын айткандарына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын ички иштер министри Улан Ниязбековдун атына жазган арызы негиз болгон. Мындан улам Кундуз Жолдубаева да суракта болгону айтылган. Ал эми Нарматова “Азаттыкка” бул тууралуу эч нерсе билбей турганын айткан.
Милиция Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын журналист Кундуз Жолдубаевага каршы жазган арызы боюнча кылмыш ишин козгогон эмес.
“Кылмыш ишин козгоодон баш тартышыптыр. Бирок “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстеги “майда бейбаштык” менен жоопко тартуу протоколу берилиптир”, - деп билдирген Жолдубаеванын адвокаты.
Актилек Капаров - иликтөөчү журналист. “Темиров LIVE” редакциясында иштеп турганда тендерге, аткаминерлердин ишине байланыштуу бир катар иликтөөлөрдү жасаган. “Аткаминерлердин туугандары Евразия экономикалык комиссияда иштейби?”, “Эптүү келинге кеткен тендер”, “Мамлекеттик тендерлерден миллиондорду уткан үй-бүлө”, “Атка минерлерге иштебеген декларация” деген аталышта ондогон материалдары чыккан. Былтыр редакциядан кетип, өз алдынча “Алга медиасын” негиздеген.
Айке Бейшекеева - “Темиров LIVE” редакциясында иштеп баштаганына 4-5 ай болгон. Журналисттик иликтөөлөрдөн тышкары соцтармактарда тараган ар кандай шектүү, фейк видеолорду талдап, чын-төгүнүн аныктап, фактчек жүргүзүп келген. 23 жашка жаңы чыккан Айке өзүнүн туулган күнүндө суракка жеткирилип, 48 саатка камалды.
Тыныстан Асыпбек - “Темиров LIVE” мектебинин бүтүрүүчүсү, аталган редакцияда бир жыл иштеп кеткен. Учурда “ПолитКлиника” басылмасында иштейт. Журналисттик иликтөөлөрү, активдүү жарандык позициясы менен белгилүү.
Азамат Ишенбеков - акын жана журналист. 2021-жылдын декабрь айынан бери “Айт, айт десе” долбоорунда иштейт. Коомдук көйгөйлөрдү ырга салып баяндап берген акын катары белгилүү. “Тендерди мээлеген, акчаны ээлеген үй-бүлө”, “Кылмышкерди колдогон, калемгерди кордогон заман”, “Коркутам деп алданба, коркоорум жок жалганда” деген сыяктуу аталыштар менен бир катар видеолору жарыяланган. Соңку кезде журналисттик репортаждарды да даярдай баштаган.
“Темиров LIVE” редакциясынын Айт, айт десе” долбоорунда мурда төкмө акын Болот Назаров да иштеген.
Сайпидин Султаналиев - Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштейт. Мыйзамсыз курулуштар, тендерлер жөнүндө бир нече репортаж форматындагы иликтөөлөрдүн автору. Кармалгандардын эң улуусу - учурда 52 жашта.
Сапар Акунбеков - “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, командага кошулганына жарым жыл болду. Ар кандай социалдык курч маселелер жөнүндө репортаждарды жасап келген.
Максат Тажибек уулу - “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы оператору. Иштебей калганына бир жыл болду. Учурда журналистика тармагында эмес.
Акыл Орозбеков - 2020-жылдан бери “Темиров LIVE” редакциясынын башкы оператору, монтажеру.
Жоодар Бузумов - “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, 2-3 ай гана иштеген. Учурда “Нур пресс” медиасында иштейт.
Жумабек Турдалиев - “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы долбоордук менеджери. 2021-2022-жылдары иштеп кеткен.