Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Он бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

17:09 16.1.2024

ИИМде айрым журналисттер сурак берип бүткөнү кабарланды

Ички иштер министрлигинде (ИИМ) “Темиров LIVE” жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун журналисттери Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков, Жумабек Турдалиев, Максат Тажыбек уулу күбө катары сурак берип бүттү.

Бул тууралуу 16-январда журналисттерге алардын адвокаты Баатыр Ботобеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, алар азырынча күбө катары көрсөтмө берди. Бирок коё бериле элек.

“Азыр аларга айып тагабы же кандайдыр бир буйрукту күтүп жатышабы белгисиз. Материалдарда эч кандай кылмыш иши жок. Аларды күбө катары сурап жатат. Себеби, күбөлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартып коё албайт. Алар бардык суроолорго жооп берүүгө милдеттүү”, - деди ал.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери жалпысынан 10 чакты журналистти суракка алып кетти.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Иш Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен тергелип жатат.

Министрлик “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларына чыккан кайсы маалымат боюнча кылмыш иши козголгонун, канча киши суракка жеткирилгенин тактай элек.

16:40 16.1.2024

Журналист Токтакунов тинтүү, кармоолорду сөз эркиндигин чектөө деп баалады

"Медиа хаб" долбоорунун жетекчиси, журналист Али Токтакунов Кыргызстанда бийлик, күч кызматтары тарабынан журналисттерге кысым жасалып, үйлөрү, кеңселери тинтилип, өздөрү камалып жатканы - сөз эркиндигин чектөө аракети деп сыпаттады. Ал бул тууралуу 16-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып билдирди:

"Журналисттерди террористтердей кылып, келип баса калып, таң азанда төшөгүнөн сууруп кетип жатканы - башка журналисттерге да көрсөтүп коёлу дегени. Коррупционерлерди минтип кармаган эмес, биз билебиз кантип кармашканын. Элдин миллиарддаган акчаларын уурдаган адамдарды минтип кармаган эмес. Аларды кантип кармаганын жакшы билебиз. Бийликтин журналисттерге, активисттерге ушундай мамиле кылып жатканы - сөз эркиндигин чектөө аракети. Мындан сөз эркиндиги жабыркашы мүмкүн, бирок элдин үнү өчпөйт. Журналисттерди ушинтип сүйлөтүп жаткан - эл. Алардын берген маалыматы. "Күч менен оозуңарды жаап коёюуз, басып коёбуз" деген максат эч убакта ишке ашпайт. Буга чейин да журналисттерди коркутуп, бийик кабаттан ыргытып жиберген, узак мөөнөткө камаган учурларда да, ага моюн бербей, оожалып келген. Мындан ары да ошондой боло берет".

Али Токтакунов Кыргызстан былтыр сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде элүү баскычка артка кеткенин белгиледи.

16:39 16.1.2024

Маданият министринин орун басары тинтүү, кармоолорду басым деп эсептебей турганын айтты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев "Temirov Live" медиасынын ондон ашуун мурдагы жана учурдагы кызматкерлеринин үйү тинтилип, ИИМге күч менен суракка жеткирилишин сөз эркиндигине кысым деп эсептебейт. Бул тууралуу Тагаев 16-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып билдирди.

"Кыргызстанда журналистика майдаланып, деградацияга учурады. Кыргыз журналистикасы өзгөрүшү керек. Маалыматты толук аңдабай туруп эле аны ашыра чаап жарыялоо көнүмүш адатка айланды. Андыктан соңку окуяны басым-кысым деп айтуудан алыс болууга чакырам", - деген Марат Тагаев.

14:28 16.1.2024

ИИМ алып кеткен журналисттердин тизмеси

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондой кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кетти.

ИИМ алып кеткен журналисттердин тизмеси:

Махабат Тажыбек кызы, “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы;

Сапар Акунбеков, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери;

Азамат Ишенбеков, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери;

Айке Бейшекеева, “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти;

Максат Тажибек уулу, “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери;

Акыл Орозбеков, “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери;

Тыныстан Асыпбек, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “ПолитКлиника” басылмасында иштейт;

Актилек Капаров, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти; учурда "Алга Медиада" иштейт;

Сайпидин Султаналиев, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштейт;

Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти;

Жумабек Турдалиев.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Иш Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен тергелип жатат.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG