Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Он бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

09:37 16.1.2024

"Темиров лайвдын" кеңсесинде тинтүү жүрүүдө

"Темиров лайв" медиасынын Бишкектеги кеңсесинде күч органдарынын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Болот Темиров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бүгүн эртең менен үйүнөн кармалган аталган медианын директору, Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызын кеңсеге алып келишти. Темиров бул медианын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкенин кабарлады.

"Саат алтыда тинтүү менен келишти. Махабат Тажыбек кызы, “Айт, айт десенин" журналисттери Азамат Ишенбеков, Сапар Акунбековдун үйүндө тинтүү болду. Мындан сырткары мурда иштеп кеткен Максат жана Жумабек деген эки кызматкерди дагы ИИМдин Башкы тергөө кызматына алып кетишти. Мурда бизде иштеп кеткен, азыр башка редакцияда иштеп жаткан башка дагы үч кызматкерлерди дагы тинтүү болуп жатат. Ал Актилек Капаров, жакында "Алга медиа" ачкан, "Полит Клиникада" иштеген Тыныстан Асыпбековду, "Арча медиада" ишетеген Сайпидин Султаналиев ал дагы мурда "Темиров лайвда" иштеген журналист болчу. Бул эртең мененки 8:30дагы маалымат. Азыр кеңсени тинтүүгө баратышат".

Темиров муну соңку журналисттик иликтөөлөр менен байланыштуу экенин белгилеп жатат. Ал буга чейин ички иштер министри Уланбек Ниязбеков тууралуу иликтөөдөн кийин анын командасына каралоо башталганын айткан.

09:32 16.1.2024

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” медиасынын жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери аларды суракка алып кетти.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) үйүн тинтип, суракка алып кеткен журналисттердин тизмеги:

Маалыматка караганда ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызынын Бишкектеги үйүндө тинтүү болуп, милиция кызматкерлери аны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка алып кетти.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунда иштеген дагы бир журналист Сапар Акунбековдун да Бишкектеги үйүндө тинтүү болуп, милиция кызматкерелри аны да суракка алып кеткени кабарланды.

Бул команданын дагы бир кызматкери Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү болуп, ал да суракка алынып кетти.

Милиция дагы бир эркин журналист, “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаровду да суракка алып кеткени белгилүү болду.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган. Ушул тапта чет өлкөдө жүрөт. Ал 2023-жылы декабрь айында Ички иштер министрлиги анын командасын каралоо аракеттерин көрүп жатканны билдирип, министр Улан Ниязбековго байланыштуу бир нече иликтөөлөрдү чыгарган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тилек Оторов мунун баарын “курулай жалаа” деп баалаган.

Ушул эле күнү ИИМдин кызматкерлери көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбектин да үйүн тинтип, өзүн суракка алып кетти. Бул тууралуу басылманын директору Дилбара Алимова билдирди.

“Арча Медиа” (мурдагы Next TV медиасы) басылмасынын кызматкери жана “Соболум бар” долбоорунун автору Сайпидин Султаналиевдин да үйүндө тинтүү болуп, милиция ИИМге суракка алып кеткени кабарланды.

ИИМге жеткирилген журналисттердин катарында мурда “Темиров LIVE” командасында иштеп кеткен Жоодар Бузумов жана Айке Бейшекеев бар экени кабарланууда.

ИИМ 16-январдын таңында тинтүүлөр жана “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек.

15-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыгышкан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланды.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. УКМК бирок кайсы материал же маалымат боюнча иш ачылганын тактай элек.

Буга чейин Махинур Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айткан.

XS
SM
MD
LG