Кыргызстанда 2333 мектеп бар. Аларда 1 жарым миллионго жакын окуучу билим алат. Быйыл Кыргызстанда 160 миңден ашуун окуучу 1-класска барды. Өлкөдө шаарларда, айрыкча Ошто, Бишкекте мектептер жетишсиз. Айрым мектептерде балдар бир партага үчтөн отуруп окуганга туура келүүдө.
Окуу жылы жаңы өзгөрүүлөр менен башталды
Кыргызстанда мектептер 1-сентябрда окуучуларга эшигин ачты. 2020-жылы пандемияга байланыштуу мектептерде окуу токтотулуп, 2021-жылы окуу 15-сентябрда башталган эле.

1
Кыргызстанда 2333 мектеп бар. Аларда бир жарым миллионго жакын окуучу билим алат. Быйыл Кыргызстанда 160 миңден ашуун окуучу 1-класска барды.

2
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда жана 126 мектеп үч смен менен окуп жатат. Дагы 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж. Мындай мектептерде болжол менен бери дегенде 70 миңдей окуучу билим алууда.

3
Бир партада үчтөн отуруп окуп жаткан балдар. Бишкектеги №47 орто мектебине быйыл 194 бала 1-класска барган. Алар алты класска бөлүнгөн.

4

5
Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда Билим күнүнө карат куттуктоо жолдоп, ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына бардык шарттар түзүлүшү зарыл экенин белгилеген.

6

7
Өлкөдө мектеп жашындагы балдардын 6% жакыны саламаттыгы менен материалдык абалынын оордугуна байланыштуу окубайт. Алардын көбү - эмгек мигранттарынын балдары.

8

9
Гимн ырдап жаткан окуучулар. Быйылкы окуу жылынан тартып мектептердин баарында аптанын башында жана аягында милдеттүү түрдө Гимн ырдалат.

10
Билим берүү министрлиги быйыл мектеп директорлорду сынак аркылуу тандаганы турат. Сынагынын биринчи айлампасы аяктап, 966 мектептин жетекчиси кызматына катышуу үчүн 1371 талапкер катышып, алардын 35% гана сынактан өткөн.

11
Эжеке окуучуга калемсап кармаганды үйрөтүп жатат.

12
Өлкөдө 1 миллион 408 миңге жакын мектеп окуучусу бар. Башкача айтканда, өлкөбүздүн дээрлик ар бир төртүнчү тургуну мектеп окуучусу. Аларды 82 миңдей мугалим окутат. Айрым мектептерде мугалимдер жетишсиз.

13
Бишкектеги №47 орто мектеби. Баш калаа Бишкекте 150дөн ашык муниципалдык мектептер бар.