Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

ОРУСИЯ ОПУЗА КӨРСӨТҮП ЖАҢЫ КУРАЛ ЖАСООДО


Орусия президенти Владимир Путиндин дүйнөдө жок жаңы өзөк курал жасалып жатканы тууралуу билдирүүсү артынан толгон-токой божомол-жоромолдорду жаратты. Айрымдар аны саясий курдымак катары кабылдашса, экинчи бирөөлөр аны кубаттуу мамлекеттерди жарыша куралданууга үндөгөн белги деп түшүндүрүшүүдө. Орусиянын саясатына ык тарткан Кыргызстанга ири өлкөлөрдүн атаандаштыгы терс таасирин тийгизбейби.

Коммунисттик империя урагандан кийин баштагы империялык сүрүнөн ажырап, экономикалык жагынан Батыш өлкөлөрүнөн атчабым артта калган Орусия президентинин жаңы өзөк куралдын жасалып жатканы тууралуу билдирүүсү дүйнөлүк маалымдоо каражаттарында чоң резонанс жаратты. Эгерде, В.Путин айткан өзөк курал жасалып ачыкка чыгып калса Орусиянын атаандаштары ага сөз жок жооп кылышат. Ансыз да эл аралык террорчулуктан үрөйү түшкөн дүйнө жарыша куралдануунун дагы бир жаңы айлампасына айласыздан баш оту менен кирүүгө аргасыз болот.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орунбасары Кубатбек Байболов Орусиянын жасалып аткан жаңы куралы жарыша куралданууну дагы күчөтөт, деген пикирде.

- Жанагы В.Путиндин акыркы сөзүчү? Эми муну 2 – 3 жылга чейин эч ким муну жасай албайт, деген сөздү айтпадыбы. Американын «Нью-Йорк таймс» гезити бу кандай, президенттин опузасыбы, деген маанайда жазды.

Кубатбек Байболовдун ырасташынча, Орусиянын экономикалык даремети чектелүү. Аны Батыш өлкөлөрү деле жакшы билишет.

- Американын расмий өкүлдөрү айтып чыгышты го. Андай куралдын жасалып атканын билебиз дешти. Анан алар кыйытып минтип атышпайбы. Биз Орусиянын согуштук потенциалын жакшы билебиз. Эгерде жанагинтип акчаны катуу сарптай турган болушса акчасы эки-үч айдан ашпайт деп кыйытышпадыбы.

Жогорку Кеңештин депутаты Алымбай Султанов Орусиянин аскерий өнөр жай өндүрүшү дагыле баштагыдай күч-кубатка ээ деп эсептейт. Анын айтымында, президент В.Путиндин ушу тапта жасалып аткан өзөк куралды жалпыга жарыя кылышынын артында ашынган сыр деле жок. Тек аскердик сыр катары жашыруун сакталып келген иш чет өлкөлүк атаандаштарга ачыкка чыгып калган соң мамлекет башчысы аны жарыя айтып отурат.

- Жаңы жасалган куралдар, алардын тактика-техникалык мүнөздөмөлөрү жашыруун сыр болуп эсептелет. Анан балким, бул өздөрү айтып аткан курал-жаракты кайсы бир деңгээлге чейин эч ким билбей келген. Анан ал жерлерде да бай өлкөлөрдүн чалгын, чалгындоо кызматы бар да. Ошолор бул куралды бай өлкөлөргө, айталы, Aмерикага же Кытайга белгилүү кылып салган курал-жаракты кечээ президент айткан болсо керек.

Белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов Орусия дагыле күчтүү аскерий өлкө катары калууда, ошондуктан анын Борбор Азиядагы геосаясий кызыкчылыгын коргоо аракети мыйзамченемдүү дейт.

Минтип күчтүү мамлекеттер өзөктүк куралдарын сүр кылып «кансыз согуш» маалындагы тирешүүсүн кайрадан жандантууга киришкен чакта Кыргызстандын тышкы саясаты кандай болушу керек? Кубатбек Байболовдун пикири.

- Биздин саясат кандай болушу керек? Сиздики да туура, сиздики-да туура деп өзүбүздүн оокатыбызды кылып, болгон жардамды алып, биринчи кезекте алардын ядролук куралын эмес, өзүбүздүн экономикабызды ойлонушубуз оң деген пикирдемин.

Алымбай Султанов Орусия сүрдүү куралын чет жерде жайгаштыруу аракетин жасашы мүмкүн деп эсептейт.

- Балким, эртең Орусиянын мамлекет башчысы, парламенти же өкмөтү сураныч кылышы мүмкүн. Ошол курал-жарактардын кандайдыр бир түрлөрүн Кыргызстан аймагында жайгаштырсакпы деп. Себеби дегенде, эгер өз аймагына койчу болсо Кыргызстан, Казакстан, Орусияга барганга чейин алардын кайсы жактан кандай курал учуп келатканын билбей калышы мүмкүн. Ошондуктан булар өзүнө каршы мамлекетти көздөй жылышы мүмкүн. Анын өзүнүн стратегиялык кызыкчылыгы болот.

Бегиш Ааматовдун ырасташынча, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагында өзөктүк куралдар турбайт деген өз ара келишими бар. Ошондуктан Орусия жаңы куралын бул жерге жайгаштыра албайт.

- Кантка биздин кыргыз мамлекетинин уруксаты жок кое албайт. Мына биздин Орто Азия мамлекеттери биригип Борбор Азия ядролук куралдан бош, деген келишимге кол коюшкан.

Орусия президентинин билдирүүсү Кыргызстанда кандай таасир туудурарын ачык айтыш кыйын. Кандай болгон күндө да бул биринчи иретте Кошмо Штаттарга карата жасалган ишара экенин баамдоо кыйын деле эмес.

XS
SM
MD
LG