Нооруз - Азия элдеринин эң байыркы майрамдарынын бири. Ал фарси тилинде Жаңы күн дегенди туюнтат. Нооруз - күн менен түн теңелген, жер жарылып чөп, желин жарылып сүт чыккан учурга туш келет. Быйыл Бишкекте вируска карата Нооруз белгиленген жок. Жаз менен кошо айлана кулпунуп, адамдар да келечекке үмүт артат. Азаттыктын архивиндеги фотолор бул майрамдын канчалык көрктүү, кызыктуу жана байыркылыгынан кабар берет.
Нооруз «Азаттыктын» фотолорунда
![Элечек кийген апалар Ноорузду өзгөчө шаңга бөлөйт. 2019-жылдын 21-марты.](https://gdb.rferl.org/a2ff9b48-e80a-4fde-8dff-9f3d01d3ca65_w1024_q10_s.jpg)
1
Элечек кийген апалар Ноорузду өзгөчө шаңга бөлөйт. 2019-жылдын 21-марты.
![Аластоо - Нооруздун ритуалдык ажырагыс бөлүгү. Арча менен жаман күчтөрдү кубалап, айланага, үйгө аруулук чакырылат. 2019-жылдын 21-марты.](https://gdb.rferl.org/a0c26639-bbcc-427a-b1cb-a93c1b6aa315_w1024_q10_s.jpg)
2
Аластоо - Нооруздун ритуалдык ажырагыс бөлүгү. Арча менен жаман күчтөрдү кубалап, айланага, үйгө аруулук чакырылат. 2019-жылдын 21-марты.
![Бий - Нооруздун ажырагыс бөлүгү. ](https://gdb.rferl.org/b9c2f04d-2b52-473e-b71d-949432a1f9ef_w1024_q10_s.jpg)
3
Бий - Нооруздун ажырагыс бөлүгү.
![Ноорузда Кыргызстанд адатта байыркы боз үй тигилип, улуттук кийимдер кийилет. 2019-жыл, 21-март.](https://gdb.rferl.org/05f744b6-d560-4465-92a1-64a596ce9e77_w1024_q10_s.jpg)
4
Ноорузда Кыргызстанд адатта байыркы боз үй тигилип, улуттук кийимдер кийилет. 2019-жыл, 21-март.
![Дасторконго дүйүм тамак коюлат. Кыргызстандын Чүй облусундагы Жаңы-Жер айылындагы Ноорузга даярдык. 2019-жыл, март айы.](https://gdb.rferl.org/8875e303-5f22-4304-b827-52b47f1d3e17_w1024_q10_s.jpg)
5
Дасторконго дүйүм тамак коюлат. Кыргызстандын Чүй облусундагы Жаңы-Жер айылындагы Ноорузга даярдык. 2019-жыл, март айы.
![Бийлик майрамга карабай дайыма сак турат. Казакстанда 2019-жылы милиция иш үстүндө.](https://gdb.rferl.org/dce81bb5-897f-46f8-bd2b-ef1358bbd18b_w1024_q10_s.jpg)
6
Бийлик майрамга карабай дайыма сак турат. Казакстанда 2019-жылы милиция иш үстүндө.
![Казакстандагы Чымкент шаарында 2019-жылы 22-марттагы Нооруздан бир көрүнүш.](https://gdb.rferl.org/172e801b-0f2a-4048-944a-a1c084da2954_w1024_q10_s.jpg)
7
Казакстандагы Чымкент шаарында 2019-жылы 22-марттагы Нооруздан бир көрүнүш.
![Сүмөлөк - Нооруздун ажырагыс атрибуту. Байыркы тамак ушул күнгө чейин дале популярдуу. 2019-жылы Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы сүмөлөк даярдоо.](https://gdb.rferl.org/6f2f912b-12ef-44fb-873e-56f25aab2aab_w1024_q10_s.jpg)
8
Сүмөлөк - Нооруздун ажырагыс атрибуту. Байыркы тамак ушул күнгө чейин дале популярдуу. 2019-жылы Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы сүмөлөк даярдоо.
![Сүмөлөккө байланыштуу айтылган легендага ылайык байыркы бир кыйынчылык заманда эл арасында ачарчылык болуп, жут каптайт. Ошондо бир эне курсагы ачкан балдарын алаксытуу максатында отко казан асып, бирок, ичинде сала турган эч нерсеси жок тыштан таш терип келип салыптыр. Ага кошуп ар түрдүү чөптөрдү, жемиштерди кошкон экен. Казан асылып, таң атканча кайнайт, балдары болсо уйкуга кеткен экен. Ошондон улам сүмөлөк даярдалган делет уламышта. Азыр ага ар түрдүү ингредиенттер кошулат. ](https://gdb.rferl.org/810f7899-901c-40d2-9598-e8e63b8847fe_w1024_q10_s.jpg)
9
Сүмөлөккө байланыштуу айтылган легендага ылайык байыркы бир кыйынчылык заманда эл арасында ачарчылык болуп, жут каптайт. Ошондо бир эне курсагы ачкан балдарын алаксытуу максатында отко казан асып, бирок, ичинде сала турган эч нерсеси жок тыштан таш терип келип салыптыр. Ага кошуп ар түрдүү чөптөрдү, жемиштерди кошкон экен. Казан асылып, таң атканча кайнайт, балдары болсо уйкуга кеткен экен. Ошондон улам сүмөлөк даярдалган делет уламышта. Азыр ага ар түрдүү ингредиенттер кошулат.
![Угут - сүмөлөктүн негизги бөлүгү. Жаңы-Жер айылы. 2019-жылдын марты.](https://gdb.rferl.org/b706e1d0-2121-4bb6-b9ec-1657b545f64a_w1024_q10_s.jpg)
10
Угут - сүмөлөктүн негизги бөлүгү. Жаңы-Жер айылы. 2019-жылдын марты.
![Сүмөлөк - бир катар түйшүктүү жумуштардын жыйындысында гана даяр боло турган таттуу азык. 2018-жылдын марты.](https://gdb.rferl.org/70030b78-5c0c-4104-ba41-82dd2cab87d8_w1024_q10_s.jpg)
11
Сүмөлөк - бир катар түйшүктүү жумуштардын жыйындысында гана даяр боло турган таттуу азык. 2018-жылдын марты.
![Улуттук кийимдер кыздардын көркүнө көрк кошот. Кыргызстан. 2019-жыл, 21-март.](https://gdb.rferl.org/09eac34d-367e-4380-842b-9447e7405b24_w1024_q10_s.jpg)
12
Улуттук кийимдер кыздардын көркүнө көрк кошот. Кыргызстан. 2019-жыл, 21-март.
![Кыздары сулуу кыргыздын. Нооруз. 2019-жыл, 21-март.](https://gdb.rferl.org/f36c279d-6418-41a1-93b4-d77411954861_w1024_q10_s.jpg)
13
Кыздары сулуу кыргыздын. Нооруз. 2019-жыл, 21-март.
![Ноорузда Кыргызстанда адатта көк бөрү боюнча жалпы республикалык чоң таймаш жыйынтыкталат. Фото Ак кула ат майданындагы оюндан. (Оңдо - ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков)](https://gdb.rferl.org/e994a089-0391-4eb2-b6a8-0dfeea1ac666_w1024_q10_s.jpg)
14
Ноорузда Кыргызстанда адатта көк бөрү боюнча жалпы республикалык чоң таймаш жыйынтыкталат. Фото Ак кула ат майданындагы оюндан. (Оңдо - ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков)
![Дүйнө кыргыздары жана Нооруз. Түштүк Кореядагы кыргыздардын башын ушундай майрамдар бириктирип турат. ](https://gdb.rferl.org/79f392df-06a6-4dc6-b5ef-fac0abf0fa46_w1024_q10_s.jpg)
15
Дүйнө кыргыздары жана Нооруз. Түштүк Кореядагы кыргыздардын башын ушундай майрамдар бириктирип турат.
![Кыргыздар дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун Ноорузду унутушпайт. Франциядагы майрам. Фото Фарух Якубовдуку (Farukh Yakubov)](https://gdb.rferl.org/bdd06b3e-1d8f-4dc0-b11b-20ea0c478ba7_w1024_q10_s.jpg)
16
Кыргыздар дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун Ноорузду унутушпайт. Франциядагы майрам. Фото Фарух Якубовдуку (Farukh Yakubov)
![Ноорузда Түштүк Кореяда боз үй тигишкен. 2019-жылдын 21-марты](https://gdb.rferl.org/b6631664-268a-442b-9100-8b38e5f9e39d_w1024_q10_s.jpg)
17
Ноорузда Түштүк Кореяда боз үй тигишкен. 2019-жылдын 21-марты
![Ноорузда Франкфуртта (Германия) концерттик программа тартууланып, андан кийин Жаңы-Зеландиядагы кандуу окуянын курмандыктары эскерилип, рассизмди болтурбоо тууралуу сөздөр айтылды. ](https://gdb.rferl.org/38cbd7de-6794-4994-b9ad-e14b1c01da1e_w1024_q10_s.jpg)
18
Ноорузда Франкфуртта (Германия) концерттик программа тартууланып, андан кийин Жаңы-Зеландиядагы кандуу окуянын курмандыктары эскерилип, рассизмди болтурбоо тууралуу сөздөр айтылды.
![Ноорузду АКШдагы кыргыздар да чын пейилден тосушат.](https://gdb.rferl.org/e67ff394-d341-4a3b-bcbf-2e9030a0893a_w1024_q10_s.jpg)
19
Ноорузду АКШдагы кыргыздар да чын пейилден тосушат.
![Чикагодогу (АКШ) кыргыздар боз үйдү Ноорузда тигишти.](https://gdb.rferl.org/6a31dddd-74cb-484d-8630-8665d8cd5e17_w1024_q10_s.jpg)
20
Чикагодогу (АКШ) кыргыздар боз үйдү Ноорузда тигишти.