Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

АКШнын БУУдагы элчиси алмашмак болду


Никки Хейли Ак үйдө сүйлөп жаткан кези. 9-октябрь, 2018-жыл.
Никки Хейли Ак үйдө сүйлөп жаткан кези. 9-октябрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттарда өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) элчиси Никки Хейли кызматынан кетери күтүүсүздөн жарыяланды. Ал президент Дональд Трамптын карама-каршылыктуу тышкы саясатын ишке ашыруучу негизги аткаминерлердин бири эле.

Хейлинин дипломатиялык кызматтан кетери билинер замат анын 2020-жылдагы президенттик шайлоого катышуусу жөнүндө божомолдор да жаралып, бирок ал өзү мындай маалыматтарды төгүндөдү.

Акыркы 21 айдан бери Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси болгон Никки Хейлинин кызматтан быйыл жыл соңунда кетери ал президент Дональд Трамп менен Ак үйдө, 9-октябрда кездешкен учурда ырасталды.

- Акыркы эки жылды карагыла, АКШнын тышкы саясатында эмне болду? Азыр Кошмо Штаттарды урматташат. Башка мамлекеттерге биздин кылганыбыз жакпашы мүмкүн, бирок алар биздин чечимдерди сыйлашат. Алар эгер биз бир нерсе айтсак, чара көрөрүбүздү, аягына чыгарыбызды билишет. Сириядагы химиялык куралбы, НАТОбу, башка мамлекеттер өз үлүшүн төлөшү керекпи, соода келишимдери болобу - президент муну далилдей алды, - деди Хейли Трамп менен жолугушууда өзүнүн тышкы саясаттагы эки жылга жакын ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып.

Президент Дональд Трамп менен БУУдагы элчи Никки Хейлинин Ак үйдөгү жолугушуусу. 9-октябрь, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп менен БУУдагы элчи Никки Хейлинин Ак үйдөгү жолугушуусу. 9-октябрь, 2018-жыл.

46 жаштагы Никки Хейли - теги боюнча индиялык иммигранттардын кызы. Мурда Түштүк Каролина штатында губернаторлук кылган. АКШнын БУУдагы элчилик кызматына дипломатиялык иште эч тажрыйбасы жок туруп эле дайындалган.

Бирок ага БУУда жана анын Коопсуздук кеңешинде президент Дональд Трамптын карама-каршылыктуу тышкы саясатынын негизги аткаруучусу болууга туура келди. Баяндамачылар Хейли Улуттар Уюмунун эл аралык трибунасын чечкиндүү пайдаланганын белгилешет.

Мындан тышкары, байкоочулар ал элчилик кызматка дайындалгандан кийинки алгачкы билдирүүсү дипломатиялык эмес болгонун эске салышат. Быйыл май айында болсо Израилдин Газа сектору менен чек арасындагы кагылыштан улам алтымыштан ашуун палестиналыктын өмүрү кыйылып, ошондон улам Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулуп, палестин өкүлү сүйлөп жатканда, Хейлинин ал жерден чыгып кеткени бар.

Ал ошондой эле АКШнын Израилдеги элчиликти Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү саясатынын башкы коргоочусу болуп турду. Вашингтондун мындай кадамы анын Жакынкы Чыгыш менен Европадагы өнөктөштөрүн абдан нааразык ылып, ал түгүл кыжырын келтирген.

Хейлинин элчилиги учурунда Кошмо Штаттар БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине нааразылык билдирип, анын курамынан чыгып кетти. БУУнун басымдуу бөлүгүн АКШ төлөгөн бюджети кыскартылды. Түндүк Кореяга каршы былтыр үч катаал санкция кабыл алынды, Түштүк Суданга каршы курал эмбаргосу киргизилди.

Коопсуздук кеңешинин отурумдарында, БУУнун алкагындагы башка жыйындарда Хейли Жакынкы Чыгыштагы туруксуздуктун булагы катары Иранды такай айыптап турду. Президент Трамптан айырмаланып, ал Орусияга карата да катаал мамиледе болду.

Никки Хейли Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя менен.
Никки Хейли Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя менен.

Быйыл сентябрда эле “Вашингтон Пост” гезитинде жарыяланган макаласында Хейли “президентке түз чакырык таштай алаарын”, Трамп менен “бардык эле маселеде макул эмес” экенин жазган жайы бар.

БУУдагы элчилик кызматын тапшырары ырасталган соң "Хейли эми 2020-жылдагы президенттик шайлоодо ат салышабы" деген божомолдор чыгып кетти. Бирок ал мындай маалыматтарды дароо төгүндөп, тескерисинче алдыдагы шайлоодо президент Трампка жардам берерин ырастады.

- Биз азыр көп ысымдарды карап жатабыз. Алардын бирин тандоого бизге Никки Хейли да кол кабыш кылат. Ал буга кошумча катары бизге 2020-жыл үчүн да жардам берет, - деди Трамп өзү кийин кабарчыларга Кошмо Штаттардын БУУдагы кийинки элчиси ким болору тууралуу комментарий бергенде.

АКШ президенти ошону менен катар "элчиликке өз кызы Иванка Трамты жибериши мүмкүн" деген маалыматтарды "анда тууганчылык үчүн айыпталып калам” деген жүйө менен четке какты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG