Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Парижде лидерлер климаттын өзгөрүүсүн талкуулашат


Саммитти утурлай дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдар нааразылык акцияларына чыгышты.
Саммитти утурлай дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдар нааразылык акцияларына чыгышты.

Парижде 30-ноябрда башталган Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө арналган саммитин утурлай дүйнө жүзү боюнча он миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты.

Демонстранттар глобалдык климаттын өзгөрүүсүн токтото турган кескин чараларды көрүүнү талап кылышууда.

Париждин өзүндө эки жума мурда киргизилген ири акцияларды өткөрбөө талабына карабай топтолгон элге каршы полиция көздөн жаш чыгарчу газ бүркүп, 100дөй адамды камакка алды.

Париждеги демонстрация Республика аянтында өтүп, активисттер акцияга келбей калган адамдардын санын белгилөө үчүн аянтка 20 миң бут кийимди тизип чыгышты. Алардын арасында атактуу адамдардын да бут кийимдери бар. Маселен атайын акцияга БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана Рим папасы Франциск да өз туфлийлерин салып жиберишкен.

Бир убакта чогулгандардын арасынан беткапчан адамдар чыгып полицияны көздөй таш ыргытып, “Өзгөчө кырдаал! Полициянын мамлекети" деген сөздөрдү кыйкыра башташкан. Андан кийин полиция чогулгандарды карай көздөн жаш чыгарчу газ чачып, 200дөн ашык адамды камакка алганын Франциянын ички иштер министри Бернар Казнев билдирди.

Бул окуя боюнча сүйлөп жатып Франциянын президенти Франсуа Олланд эмне себептен ушул тапта массалык акцияларга уруксат берилбегенин түшүндүрдү.

- Биз дал ушундай бузукулар болоорун билгенбиз, алардын климатты сактоонун активисттерине же болбосо кандайдыр бир ийлигиликтерге жетүү үчүн акцияны уюштургандарга эч тиешеси жок. Алар көйгөй гана жаратышат. Ошондуктан баары үй камагына алынды. Ушул убакка чейин террористтердин огунан набыт кеткендер эскерилип, гүлчамбарлар, шамдар турган Республика аянтында мындай окуянын болуп жатканы кейиштүү, - деп айтты Франсуа Олланд.

Франциянын президенти Франсуа Олланд
Франциянын президенти Франсуа Олланд

Парижде жана Франциянын башка аймактарында 13-ноябрда болгон катар-катар теракттардан соң өзгөчө кырдаал киргизилген. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган кандуу окуяларда 130 адамдын өмүрү кыйылган.

Парижде бүгүн баштала турган Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитин утурлай дүйнө жүзү боюнча он миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Демонстранттар глобалдык климаттын өзгөрүүсүн токтото турган кескин чараларды көрүүнү талап кылышууда. Ири акциялар Лондондо, Нью-Йоркто, Рио-де Жанейро жана Мехикодо өтүп жатат. 45 миңден ашык адам Сиднейдеги жүрүшкө катышты. Ал эми Лондондогу акцияга Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин да келди. Климатты иликтеген уюмдардын коалициясынын билдирүүсүнө караганда 150 өлкөдө өтө турган эки миңден ашык акцияларда миңдеген адамдардын катышат деп боолгонууда.

Киевдеги акцияга чыккандар климаттын эмес, системанын өзгөрүшүн талап кылышты. Алардын бири Строчило жашыл жаратылышты сактап калуу башкы максат деген пикирде:

- Биз бул жака системаны өзгөртүүнү талап кылып чыктык, биздин коомдо артыкчылык берген нерселер өзгөрүшү керек. Чогулгандар өкмөттөн жерден казылган кендин ордуна кайра калыбына келчү энергия булактарын колдонууну, энергияны үнөмдөө боюнча чара көрүүнү, аймактагы сейилдөөчү жайларды, токойлорду сактап калууга талап кылганбыз.

Климаттын өзгөрүүсү боюнча Улуттар Уюму башында турган эл аралык конференция 30-ноябрда Парижде башталып, ага 140 өлкөнүн лидерлери катышат.

Париждеги кандуу террактардан соң өткөрүлүп жаткан бул иш чарада коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча 11 миң полиция кызматкери тартылды.

Жыйынга чогулган дүйнө лидерлери океан-деңиздердеги суунун көбөйүшүнө жана аба-ырайынын экстремалдуу өзгөрүүлөрүнө себеп болгон көмүр кычкыл газын кыскартууну караган жаңы эл аралык келишимдин шарттарын макулдашуусу керек.

Келишимдин максаты - Жер планетасында абанын температурасынын жогорулашын орточо көрсөткүчтон 2 градус Цельсийден ашырбоону глобалдык алкакта макулдашууну көздөйт.

Дүйнөдө абага уулуу газдарды эң көп болуп чыгарган Кытай, ал эми АКШ экинчи өлкө болуп саналат.

Буга чейин АКШнын президенти Барак Обама америкалыктар 2030-жылга чейин булганыч газдарды 26-28% кыскарта турганын айткан.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев дагы Париждеги саммитке катышып, атайын билдирүү менен чыгып сүйлөйт.

Париж: Акциянын жүздөй катышуучусу камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:17 0:00

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG