Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:30

Навальный абактан кайра чыкты


Орус оппозиция лидери Алексей Навальный кайрадан абактан чыгып жатат.
Орус оппозиция лидери Алексей Навальный кайрадан абактан чыгып жатат.

Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жекшембиде кайрадан абактан чыгарылды. Ал “Шайлоочулардын көтөрүлүшү” жарандык акциясын уюштурганы үчүн 30 суткага абакка кесилип, андан чыгар замат кайра дагы 20 күнгө камалган.

«Полициядагы досторум кана? Эми үйгө чын эле кете берейинби?» - деп тамашалап, Навальный кайрадан эркиндикке чыкты.

- Мен абакта отурган 50 күндүн ичинде биз бул режимдин ирип-чиригенин далилдеген дагы көп фактыларга күбө болдук. Тышкы чалгындоо кызматын алабызбы, космос тармагынбы – баарынан уят болдук. Ушундай камоо менен бизди коркутса же токтотсо болот дегендер жаңылышат, - деди Алексей Навальный.

20 күн мурун эле Навальный “Шайлоочулардын көтөрүлүшү” акциясын уюштурганы үчүн 30 суткага отуруп чыгып жатып, дарбазаны аттаган соң, кайра 20 күнгө абакка отургузулган. Бул ирет ага митингдерди уюштуруу тартибин бузганы үчүн кине коюлган.

Навальный абакта отурган 50 күндүн ичинде Орусияда бир топ чуулгандуу окуялар болуп өттү. Алардын кээ бирлери Навальныйдын өзүнө да түздөн-түз тиешеси бар. Мисалы, Росгвардиянын башчысы Виктор Золотов оппозиционерди эрөөлгө чакырды. Түрмөдө отурган Навальныйдын ордуна анын аялы Юлия Навальная "Инстаграм" аркылуу генералга «дагы бир ууру жана коркок бизди опузалап жатканын карабайсыңарбы» деп жооп берген.

Виктор Золотов.
Виктор Золотов.

Баса, генералдын бул «эрөөлгө чакыруу» видеосу Навальный жана ал негиздеген Коррупция менен күрөшүү фондунун иликтөөсүнө каршы реакция болгон. Анда оппозиционер Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерге бөлүнчү тамак-ашка жана башка керектүү оокаттарга сарптаган каражатындагы коррупциянын бетин ачкан. Навальный түрмөдө отурган 50 күндүн ичинде Орусиянын Куралдуу күчтөрү башка да чоң жаңжалга аралашканга үлгүрдү. Британияда Скрипалдарды ууландырды деп шектелген Орусиянын эки жараны Куралдуу күчтөрдүн Башкы чалгын кызматынын (ГРУнун) чоң даражадагы офицерлери экени ачыкка чыгып калды. Абактан чыккан Навальный муну дароо көзгө сая белгиледи.

Орусиянын күч органдарында аскерлерге азык-түлүк сатып алууда акча атайылап кымбат көрсөтүлгөнүн жазган Навальный тергөө абагындагы тамак-аш да начар экенин жана эркиндикке чыкса эле адамча тамак ичкиси келип жатканын айткан эле.

Генерал Золотов оппозициячыл саясатчыны "мамлекеттик сатып алуу саясаты тууралуу таптакыр түшүнүгү жок макулук" деп атап, "дагы бир жолу ушундай негизсиз дооматтарды жарыяласа, жекеме-жеке беттешип, Навальныйга бутумду аарчыйм" деп катуу эскерткен эле.

Орусияда 2016-жылы башталган президенттик шайлоо өнөктүгүнөн бери Алексей Навальный ушуну менен алты жолу баш-аягы 140 күндөй абакта отуруп чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG