Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Нано-мотор рак клеткасын жок кылат


Кыргызстандык нанотехнология адиси Айсада Үчүгөнова, Саарланд университети, Германия (иллюстративдик сүрөт).
Кыргызстандык нанотехнология адиси Айсада Үчүгөнова, Саарланд университети, Германия (иллюстративдик сүрөт).

Планетада жашоо сууда эмес, жерде башат алган. Арктикадагы муздун көлөмү 40 жылда эки эсеге азайды. Илимпоздор жүрөк илдеттерин сөңгөк клеткалар менен дарылоого бел байлашты. Ал эми Америкада тарыхта алгачкы жолу нано-мотор адамга көчүрүлдү.

Адамзаттын тарыхында алгачкы жолу нано-мотор адамдын тирүү клеткасына коюлду. Пенсильвания университетинин окумуштуулар тобу ультра үндүн көмөгү менен от алган, магнит менен башкарылган кыймылдаткычты – синтетикалык нано-моторду текшерүү максатында бир нече тажрыйба жасашты. Ракета сымал металл бөлүкчөлөр кишинин клеткасында толук кандуу иштегени илимпоздорду катуу сүйүндүрдү.

Бул нано-мотордун жардамы менен окумуштуулар алгачкы жолу клетканын ичинде жүргөн табигый коргонуу механизмдерине күбө болушту. Университет кабарлагандай, ачылышты профессор Том Маллук баштаган илимпоздор тобу жасаган. Нано-мотор клеткалык биологияда (cellular biology) эми болуп көрбөгөндөй терең изилдөөлөргө мүмкүнчүлүк ачары айтылууда. Аны менен бирге, диагностикада дагы секирик жасайт.

Жатын түтүкчөлөрүнүн рагына себепкер болгон папиллома вирусу.
Жатын түтүкчөлөрүнүн рагына себепкер болгон папиллома вирусу.
Эң оболу, нано-моторлорду дарыны керектүү клеткага түз жеткирүүгө колдонуу – рак жана башка дарттарды айыктырууга шарт түзөт. Бул көзгө көрүнбөгөн кыймылдаткыч клеткаларды ичинен манипуляциялап, аныкталган ооруну клетканын ичинде операция жасап (intracellular surgery) сакайтууга да өбөлгө түзөт. Буга чейин нано-моторлор лабораторияларда гана экспериментке колдонулган.

Тажрыйбада окумуштуулар нано-моторду жатын түтүкчөлөрүнүн рак оорусуна себепкер болгон HeLa клеткаларына жайгаштырышкан. Нано-моторлор дартка чалдыккан клетканы дарылоого же ал клетканы толугу менен өлтүрүүгө күчү жетет. Нано-моторлордун кээ бир үлгүлөрү өз алдынча иштей алат. Мисалы, программаланган нано-мотор ракка чалдыккан клеткаларды өз алдынча таап, аларды дарылоого күчү жетет.

Лондондогу Барт клиникасы баш болгон окумуштуулар сөңгөк клеткалары менен жүрөк илдеттерин дарылоо тажрыйбасын башташты. Экспериментке Лондон, Париж, Франкфурт, Барселона, Милан жана Копенгаген шаарларындагы үч миңдей бейтап катышат. Тажрыйба учурунда адамдын чучугундагы сөңгөк клеткалар жүрөктүн дартка чалдыккан клеткаларына көчүрүлөт. Эксперименттин жыйынтыгы беш жылдан кийин жарыяланат.

Сарымсак ак кандын душманы

Британ илимпоздору ооруга чалдыкпай турган картошканын түрүн ойлоп табышты.

Ирландияда айдалган картошка ооруга чалдыгып, XIX кылымда аталган өлкөдө ачарчылыктан үч миллиондой адам жан бергени тарыхта белгилүү. Үч жылга созулган тажрыйбадан кийин Жон Иннес илимий борборунун окумуштуулары картошканын ар кандай илдеттерге туруштук бере ала турган түрүн ойлоп табышты.

Картошканын "дизайри" түрүнүнүн генетикалык кодуна Түштүк Америкада өсүүчү жапайы картошканын гени көчүрүлгөн. Жыйынтыгында, картошканын табигый коргонуу рефлекси кескин өрчүгөн. Бул картошканын үрөнү кымбат болгону менен, дыйкандар химиялык дары-дармекке акча коротпойт.

Ал ортодо даниялык окумуштуулар сарымсактын курамындагы ахуин заты ак кан клеткаларын жоготууга күчү жетерин аныкташты. Копенгаген университетинин илимпоздору айткандай, ахуин ак кан клеткасындагы рамнолипид затынын жок болушуна бөгөт коёт. Ахуин бактерияны нейтралдаштырып анын зат алмашуу системасын басаңдатат. Аны менен бирге, аталган зат адамдын иммундук системасын чыңайт.

Бактериялар топтолгондо антибиотиктерди тоготпой калат. Ахуин менен антибиотиктин органикалык комплекси андай топтошкон бактерияны бөлүп, клетканы коргоочу мембрананы пайда кылат. Илимий тажрыйбада, мындай комплекс 90% бактерияны жок кылган.

Мезозой доорундагы динозавр
Мезозой доорундагы динозавр
Американын улуттук космос агенттиги – НАСА түндүк уюлдагы муздун көлөмү акыркы кырк жылда азайганын белгилеп, коңгуроо какты. Арктиканын аба ырайы 1970-жылдардын бери 2°С жылыган. Ал эми муздун көлөмү дээрлик эки эсеге азайган. Климатологдорун айтымында, муз мындай ылдамдык менен эрисе, Жердеги аба ырайы кескин өзгөрөт.

Cоңунда, динозавлар дүйнөсүнөн бир кабар. Палеонтология жаатындагы дагы бир ачылыш болду. PLOS One илимий порталы маалымдагандай, жашоо сууда эмес, жер бетинде башталган. Мындай тыянакка кытайлык жана америкалык палеонтологдор 248 миллион жыл мурда жашаган ихтиозаврдын калдыктарын изилдеген соң келишкен.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG