Америкадагы кино индустриясы менен мындан жарым кылым мурда каражат жумшоо жагынан Советтер Союзу гана теңтайлашып келген. Бирок 80-жылдардан тарта СССРдин тасма тармагы солгундап, Голливуд миллиондогон долларлык долбоорлору менен дүйнөлүк аренага чыгып, кино тартууну экономикадагы кирешелүү булакка айландырган. Бирок 2013-жылы алгач ирээт мындай лидерликти ал колдон чыгарып, бир эле тасманын долбооруна 1,13 миллиард доллар каражат жумшоо менен Жапония биринчиликке чыкты.
Ал эми экинчи орунга болсо Голливуддун “Трансформерс” тасмасынын Кытайча вариантын 306 миллион долларга тартып Кытай чыкса, “Аватар” тасмасын 227 миллион долларга тартып Америка үчүнчү саптан орун алды деп кабарлайт Financial Times гезити.
Кытай бул багытта дымагын катуу коюп, 2020-жылга чейин бир көркөм тасма тартуунун каражатын 4,8 миллиард долларга чыгарууну көздөөдө. Кытай - АКШ кош продюсерлик жаатында адистешкен америкалык Роб Кейндин айтымында, Кытайда жаңы тартылган тасмаларды элге таркатып, андан кассалык пайда алып келүү жаатында да олуттуу иштер жүрүп жатат. Кытай Азияда эң эле тез өскөн тасма базарына ээ. Бир эле убакта 60 миң экрандан кино көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул АКШдан 10-15 эсеге жогору. Андыктан Кытай кино индустриясында чоң өндүрүшчү гана эмес, сатуучу да боло алат.
Саясий талапты аткарган Голливуд
Бээжиндин саясий талаптарынан улам Голливуддун айрым тасмаларын 10 жыл мурда Кытайда көрсөткөнгө тыюу салып келген. Кийин Кытай жана АКШ продюсерлери бирге иш алып барышып, батыш жана чыгыштын көрармандарына ылайык блокбастерлерди чыгарып, Кытай базарына суна башташты. Маселен 2012-жылы Жеймс Камерондун “Аватар” тасмасынан Кытайдан түшкөн кассалык киреше 100 миллион доллар болгон дейт кассалык киреше боюнча аналитик Брюс Наш. Ал эми жакында эле тартылган “Трансформерс” тасмасы Кытай көрүүчүлөрү үчүн редакцияланган вариантын 22-июлдан тарта эле кинотеатрларда көрсөтө баштаганына карабай, кассалык иреше 306 миллион долларга чыкты. Голливуд үчүн Кытай жаңы ачылган чоң жана кирешелүү базар болгондуктан, Paramount Pictures сыяктуу ири компаниялар кытайлык продюсерлер менен кызматташтыкка шашылууда.
Океандагы тамчы – “Курманжан датка”
Коомчулукта мамлекеттик бюджеттен абдан чоң сумма бөлүнүп, эми аны актаар-актабасы арсар деп талашка түшкөн “Курманжан датка” тасмасынын продюсери Фархад Бекманбетов миллиарддаган долларлуу бюджети бар тасма тартуу Кыргызстан үчүн эрте экенин айтат:
- Бюджети миллиарддаган долларды чапчыган фильмдер тууралуу сөз кылуу албетте, биз үчүн эрте. “Курманжан датка” тасмасынын жалпы бюджети 1 миллион 400 миң доллар болду. Акыркы 24 жылдан бери тартылган бюджети эң чоң тасма болуп эсептелет. Буга чейин эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай тасма тартылган эмес.
Жакында эле Forbes журналы Голливуддун тарыхында 410 миллион доллардык бюджет менен “Кариб деңизинин каракчылары” тасмасы тартылганын кабарлаган. Тасма Лондондун Гринвич аймагында тартылып, Улуу Британия өкмөтү аны көрсөтүүдөн түшкөн кирешенин 20 процентин алуу укугуна ээ болду. Бул болжол менен 34 миллион доллар мамлекет казынасына түшөт дегенди билдирет деп жазды Forbes.