Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Москвадагы кондитердик шоунун финалына чыккан Анара


Анара Мурзакулова “Пятница” телеканалынын “Кондитер шоусунда”
Анара Мурзакулова “Пятница” телеканалынын “Кондитер шоусунда”

Москвада иштеген Анара Мурзакулова август айынын башында Орусиядагы “Пятница” телеканалынын “Кондитер шоусуна” катышып, суперфиналга чыкты.

Анара эми “Элдик кондитер” наамына жана миллион рублга ээ болуу үчүн ат салышат. Миграцияда жүрүп өзүнүн “Арууке” деген брендин негиздеген ишкер менен маектештик.

- Сизди жакында эле социалдык тармактардан көрдүк, Орусиядагы телеканалдардын биринде кондитердик шоуда финалга чыктыңыз. Бул сынакка кандай катышып калдыңыз?

- Бул Орусиянын федералдык “Пятница” каналынын элдик кондитерди тандоочу шоусу болчу. Долбоордун 5-сезонуна катыштым. Мага үч жыл мурун кардарым бир торттун сүрөтүн жиберген. Анын үстүндө “Агзамов” деген логотип бар экен. Ал ким экен деп издеп, сайтын таптым. Анда мен өмүрү элестете албаган, эч ким көрө элек торттор бар экен. Ушундай укмуш торттор! Ошол убакта үйдө отуруп үч жыл иштеген элем. Ошол мезгилде тортту кооздоп, жасалгалаганды жакшы билбейт элем. Торттун бардык түрүн жасайм деңизчи, көзүмдү жумуп алып жасайм.

Бир убакта анын шоусу бар экенин билдим. Аны көрүп отуруп өзүнчө эле жүрөгүм “тыз” деди да, бир кызыктай болуп кеттим. Мен ушул студияга барат бекем же аны өмүрү көрбөй эле өтүп кетемби? Мен да атактуу кондитер боло аламбы? Ушул ойлорго эзилдим. Ошондон кийин тортторду кооздогонду да үйрөндүм. Мындайча айтканда, катуу даярдандым.

Анан 2020-жылы декабрда бир кавказдык кыз жазыптыр. Көрсө, анын жээни: “Анаранын тортун эле мактайсың, ал эмнеге ушул шоуга барбайт, аныкынан начар тортторду алып барышат го" деген экен.

Аны укканда дароо эле барса барайын дедим. Интернет сайттардан ар кимге жазып көрдүм, болбоду. Анан акыры “Пятница” каналынын сайтына кирип эле бир сыйра карап чыккам. Бир жарым ай өткөндөн кийин эле, январда менин "Инстаграмдагы" баракчамдагы сүрөтүмдү скриншот кылып, өздөрүнүн чакыруу катын жөнөтүшүптүр. Абдан сүйүндүм, дароо мага күч кубат кирди. Күндө үйгө келип машыктым. Негизи экранга чыгып сүйлөөдөн кыжаалат болгон жокмун. Бирок тортту кантип жасаганымды, ага кеткен азыктарды кантип айтып берем деп ойлондум.

Эки кызымды отургузуп алып: “Здравствуйте, Ренат Агзамов. Я - Анара Мурзакулова” дейм. Кыздарым: “Презентуйте свой торт”,– деп суроо узатышат. Буга чейинки сезондорун көрүп жаттап калганбыз да. Анан мен айтып берсем, кыздарым “жакшы болду, жакшы болду” дешип колдоп, дем беришет.

Бизге улуттук колориттеги торт болсун деген тапшырма берген. Мага ошол бир ай бир жылдай болду. Кантип финалга чыгып калганымды билбейм, кастингге барганда кирип катышуучулар менен учурашсам, эч кимиси жооп бербей койгон. “Кичинекей кыргыз кызы келди да, муну ким тоготот эле, жадагалса саламыма алик жок ” деп өзүмдү өзүм сооротуп, ичимден кобуранып коём. Бирок ошол 150 кыздын ичинен мен финалга чыктым.

- Эми суперфинал качан болот? Ага кантип даярданып жатасыз?

- Финалга даярдык жакшы. Бирок бизге эч кандай тема түшө элек, тапшырма берилет деп айтышты. Эмне тема берилиши табышмак. Сегиз кыз финалга чыгып, супер финалга мен гана өттүм. Бирок ал качан болушун, ага канча адам катышарын да билбейм. Негизи мен кондитердик жөндөмүмө кам санабай элемин, бардык нерсени жасайм, коркпойм.

Анара Мурзакулова апасы менен
Анара Мурзакулова апасы менен

- Азыр Москвада буюртмаларды кабыл алып иштейт турбайсызбы? Орусияга барганда иштеп баштадыңыз беле же Кыргызстанда да торт жасачу белеңиз?

- Шириндиктерди кичинемден бери жасайм. Биз үй-бүлөдө беш кыз, бир уулбуз. Мен улуусу болгондуктан, апам бүт нерсени мага үйрөтөт эле. Кыргызстанда жүргөндө торт жасап сатчубуз.

Элде акча жок болгондуктан көпчүлүгү бизге жумурткага, унга, буудайга, жүгөрүгө алмаштырып кетет эле. Жүгөрү алып келишсе тоокторубуз эле жыргайт. Ал эми буудай алып келишсе, мурдагыларды кошуп отуруп качан гана бир кап болгондо тегирменге тартканы жиберчүбүз. Ошондуктан да торт жасоо бизнесибиз Кыргызстанда өнүкпөй калган. Эми ал кезде бизде эле эмес, элде да акча жок болуп, чынында кыйын заман болгон. Адамдар апамдын тортун аябай жактырышчу, бир жылы Жаңы жыл күнү кезекке тизилип адамдар сыртка чейин чыгып кетишкен, абдан узун кезек болгон. Мен түнү менен апама торт жасашат элем, көнүп калгам. Негизи тамактарды да даамдуу жасайм. Негедир башкача мээрим менен жасайм, баары суктанат.

Москва да азыр “Торт Арууке” деп чакан кондитердик студия ачканбыз. Бул идея негизи сиңдиме таандык. Сиңдим экөөбүз тең декретте отуруп, кел торт жасап саталы деп баштаганбыз. 2015-жылы декабрда баштап, дароо эле мен, күйөөм, сиңдим, күйөө балам төртөөбүз биригип 35 000 рубль иштеп таптык. Бул бир жумада иштеген акча биз үчүн “миллион” тапканга барабар болду. Абдан сүйүнүп, демек торт жасап сатсак болчудай экен деп, туугандарыбызга, классташтарыбызга баарына сата баштадык. Килограммын 500дон эле баштаганбыз. Ошентип жүрдүк, кийин “Одноклассникиге” бир реклама бердим, 15 миң жолу көрүлүптүр. Буюртмаларбыз абдан көбөйдү.

2016-жылы биз тынбай калдык. Күйөөлөрүбүз күндүзү башка жактарда иштешет, кечинде келээри менен даярдап, кире беришке тизип койгон тортторубузду салып, аларды кайра жеткирүүгө жөнөтөбүз. Ошентип тынбай иштедик.

Анара Мурзакулова кондитердик студиясында кыз-келиндерди окутат
Анара Мурзакулова кондитердик студиясында кыз-келиндерди окутат

- Кардарларыңыз кимдер? Торттун баалары кандай?

- Кардарларыбыз көп, мага алар тандалган адамдардай элестейт. Баары өзгөчө. Кээде тортторду өзүм жеткирип барам. Араб улутундагы, татар, ооган, өзбек, тажик, айтор баары бар. Тортторумду сүйүп жешет, төрт-беш жылдан бери бир эле үйгө, бир эле батирге алып барган күндөрүбүз болот. Кыргыздарды айтпай эле коёлу. Мен жарнама деле бербейм, биринен бири эле угуп келе берет. Баалары боюнча айтсам, килограммы 1300 рублдан башталат. Бир күндө жок дегенде төрт-беш торт сатабыз. Ал эми дем алыш күндөрү 50 килограммга чейин торт сатылат.

- Москвага качан барып калдыңыз эле?

- Москвага биринчи 2004-жылы апам келген. Апам дагы аябай эрктүү аял. Эч нерсени билбей эле келип, иштеп, отурукташып кеткен. Атам Кыргызстанда комбайн иштетип, чөп оруп иштечү. Мен бюджеттик негизде окууга өтсөм, “алыска жибербейбиз” дешип, “контракт болсо да жаныбызда эле оку” деп Кызыл-Кыядагы БатМУга киргизип коюшкан. Орус тили боюнча мугалимдикке окудум, алты айдан кийин жакпай калды. Жакпады дегенде ата-энемдин кыйналганы жаккан жок. Анан мен дагы Москвага барам деп, 2006-жылы жайында келгем. Документим жок, паспортум жок келгем. Бир-эки жыл апамдын алдында иштеп жүрдүм. Көбүнчө пол, идиш-аяк жууп иштедим.

2008-жылы апам мага Орусиядан паспорт алып берди. Ошондон кийин башка иштерге орноштум. Күйөөм экөөбүз бир фирмага барып таанышып калганбыз. Ал менден 7-8 ай мурун келген экен. Күйөөмдүн да кулинария боюнча алтын медаль, дипломдору, “мыкты кондитер", "мыкты ашпоз” деген наамдары бар. Ал фирмада төрт жыл иштеп койдук. Элдин баары эле “Анара жакшы кыз, Шаасейит жакшы бала” дешсе эле, экөөбүздүн бири-бирибизге мээримибиз төгүлүп, баш кошуп калдык.

Анара Мурзакулованын жолдошу кызы менен
Анара Мурзакулованын жолдошу кызы менен

Москвада өтө чоң той кылдык. Азыркы жаштарга айтарым, башыңарды иштеткиле, чоң той кылып, жаркылдап чыккандын эч кереги жок экен. Шаасейит экөөбүз 300 миң рубль кредит алып той кылганбыз. Анан аны 4-5 жыл кыйналып төлөдүк. Арада эки кыздуу болдук. Кудайга шүгүр, чырактай сулуу, акылдуу кыздарым бар.

- Сиз азыр окуп да жатыптырсыз? Кандай курста окуп жатасыз?

- Азыркы убакта Кулинардык искусство академиясында окуп жатам. Ал жерде мастер, технологдорду окутуп диплом берет. Бул академияны бүткөндө жогорку билим алгандардын катарына кошуласың.

- Окууга, буюртма алып торт жасаганга, үй-бүлө түйшүгүнө кантип жетишесиз?

- Убакыт табам. Кыздарымды сиңдилерим карашат. Эрте мененки саат 10дон кечки саат 4кө чейин окуйм. Үйгө бештен кийин келем. Буюртмага торттор болсо кыздар жасайт. Бирок татаал торттор болсо жолдошум аларды кечинде үйгө ала келет. Мен түнкү 12ге чейин жасап, кооздоп курьерге берип коем. Азыр кош бойлуу болгонум үчүн ушундай графикте иштеп жатабыз.

Чынын айтканда, менде уйку аз. Мунун себеби менин так максаттарым бар. Мен кыргыздын кыздарын, жаш муундарын көтөргүм келет. Аларды дүйнөлүк деңгээлге чыга турган, баарын таң калтыра турган күчтүү кондитер, күчтүү ашпозчу кылгым келет. Бул жетишкендиктеримдин баары ата-энеме байланыштуу, алардын дубасынын, тарбиясынын натыйжасы. Ошондой эле күйөөмдүн колдоосуна байланыштуу. Ал абдан жакшы адам.

- Орусияда дагы канча жашайм деген планыңыз бар? Балким, Кыргызстанга келип кондитердик дүкөндөрдү ачууну кыялданарсыз?

- Мен азыр өзүбүздү бренд болуп калган эле кондитердик өндүрүшпүз деп эсептейм. Биздин тортторду “торт Арууке” деп көпчүлүгү билет. Кыргызстанда Ошто филиалыбыз бар. Ошондой эле Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларында да бар. Азыр Москвадагы студияны да чоңойтуп жатам. Андан кийин Кыргызстанга барып жети облуска тең кондитердик өндүрүш же фабрика ачайын деген максатым бар.

XS
SM
MD
LG